Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

АМЕРИКАЛЫК “БИГ ХИЛБИЛЛИ БЛУГРАСС” ТОБУ БИШКЕКТЕ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Бишкекте бүгүн америкалык “Биг Хилбиллии Блуграсс” тобунун музыканттары концерт беришет. Алар Кыргызстанда бир жума болушуп,айрым айылдардын тургундарына да өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Курамы беш адамдан турган “Биг хиллбили Блуграсс” тобу кыргыз угармандарына блуграсс жанрындагы музыкаларды тартуулашат.

Топтун музыканты Айра Гитлин өз сөзүндө бул музыка хип-хоп, рок сыяктуу популярдуу болбосо да, өзүнүн күйөрмандары бар экендигин ырастады.

-Мындан бир канча жыл мурда мындай музыка көбүнчө айыл жерлеринде, үй-бүлө ичинде, чакан отуруштарда ойнолсо, азыркы учурда угармандары көбөйүп, көпчүлүк жактырган музыкага айланды. Ошондуктан АКШда жылына бир нече ирет блуграсс музыкасынын фестивалдары уюштурулат. Ошондой эле соңку убакта бул музыкага тартылган жаштардын саны өсүүдө. Андыктан кыргыз музыка күйөрмандарына да жакшы маанай тартуулайт деген ишенимдебиз.

Топтун түзүлгөнүнө жети жылдын жүзү болду. Мына ошондон тарта музыканттар блуграсс музыкасын жайылтуунун аракетин көрүшүп, ар кайсы өлкөлөргө гастролдошот. Буга чейин Хорватия, Грузия, Молдавия, Тажикистан өлкөлөрүндө болушуп, өнөрлөрүн тартуулашкан. Ал эми Кыргызстанга болгон иш сапарыбыз жакшы таасирлер менен башталды дейт топтун жетекчиси Роберт Перилла.

-Биз мурдатан эле Кыргызстанга келип, концерт берсек деп ниеттенчүбүз, эми ошол тилегибиз орундалып отурат. Биринчи эле жакшы таасир калтырган нерсе, бул кыргыз улуттук музыкаларын ойногон “Ордо сахна” фольклордук ансамбли болду. Ансамблдин музыкалары татаал жана жагымдуу музыкалар экен. Эми бүгүнкү концертте ушул ансамбль менен биргелешип бир музыка аткарсак деп турабыз. Бул нерсе бир эле бизге эмес, кыргыз көрүүчүлөрүнө да жакшы таасирлерди калтырат деп ойлойбуз.

Ал эми “Ордо сахна” фольклордук ансамблинин жетекчиси Чолпон Жакыпова “Биг хиллбили Блуграсс” тобу жети жыл мурда түзүлгөн болсо, биздин ансамблге да жети жыл болду. Мындай алып караганда эки топтун тең максаттары бирдей экен деди.

-Мына ушул жылдар аралыгында АКШ, Франция, Жапония, Түркия жана башка ушул сыяктуу бир катар өлкөлөрдө өткөн өткөн эл аралык фестивалдарга катышып, кыргыз музыкасын даңазаладык. Мына ошондой жолугушууларда да көптөгөн музыканттар менен баарлашканга аракеттенчибүз, себеби мындай жолугушуулар тажрыйба алмашып, чыгармачылык деңгээлдин өсүшүнө чоң таасирин тийгизет.

“Биг хиллбили Блуграсс” тобу бир жумага созулган чыгармачылык сапарында Чолпон-Атада жана Бөкөнбаев айылында да болушуп, концерт тартуулашат, ошону менен бирге элет тургундары менен кыргыз фольклордук музыкасы жана элдик чеберлердин чыгармачылыгы туурасында пикир алышышат. Буга чейин Кыргызстан тууралуу сүрөттөрдөн көрүп гана билеер элек. Эми өз көзүбүз жакындан көрүп, кооз өлкө экенин байкадык. Бир жумалык иш-сапарыбызда Кыргызстандын маданияты тууралуу көбүрөөк билип алсак дейбиз, себеби өз өлкөбүзгө баргандан кийин концерттин өтүшү туурасында гана айтпастан, Кыргызстан тууралуу кененирээк маалымат берсек дейбиз, дешет “Биг хиллбили Блуграсс” тобунун музыканттары.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG