Тони Блэрдин эң талашсыз жетишкендиги деп калктын көбү Түндүк Ирландияга акыры тынчтык келгенин аташат. Көп жыл бою араздашып жүргөн протестанттар менен католиктер быйыл 8-майда келишимге келишип, Белфаста жаңы өкмөт түзүштү. Аларды мунасага келтиргени Блэр көп күчүн, аракетин жумшады.
Блэрдин жетекчилиги менен соңку он жылдын ичинде лейбористтер партиясы жалпы улуттук шайлоодо үч ирет жеңишке жетишти. Жергиликтүү бийлик органдары үчүн күрөштө да алар саясий конкуренттерине анчейин өнөгүн алдырышкан жок. Мунун өзү да Блэрдин активине кошула турган иш.
Британдыктар Блэрдин 2004-жылы Чикагодо сүйлөгөн сөзүн да жакшы эстеп калышты. Бу сөзүндө ал “гуманитардык кийлигишүү” жөнүндөгү концепцияны сунуш кылып, анын негизинде кийин өнөр жайлуу сегиз өлкө Африканын жана Азиянын жакыр-бакыр аймактарына жардамдашуу долбоорун кабыл алышты.
Блэр өлкөнүн тарыхында Британияны Европага кыйла жууктаткан улуттук лидер катары да эсте калат. Лондондогу экономикалык иликтөөлөр биримдиги борборунун директору Чарльз Жепкинстин айтымында, Блэр Европага көбүрөөк ык салган премьер-министр катары аброй ашырды,Британияны европалык жамаатка жакындаткан Тэд Хиттен бери мындай ынтаа бир да премьер-министрден байкалган эмес эле.
Блэрдин эсебинде дурус да,буруш да мааниде баалана турган иштер деле,арийне,аз эмес. Алардын бири катары атомдук электр станцияларын курууну энергетикалык башкы стратегия кылып жарыялаган чечимди айтып жүрүшөт. Британиянын өзүндө табигый отундун кору какшып баратканда бу бир жагынан жүйөөлүүдөй көрүнөт. Ошол эле учурда мунун айрым калпыс жактары,айрыкча экологиялык планда кооптуулугу да бар дешет. Блэрдин тушунда,өзгөчө соңку айларда Лондон менен Москванын алакалары кыйгылданып кеткенин да айрымдар не оң,не терс деп баалай алышпайт.
Блэрдин эң аксаган жери деп, арийне, Ирактагы саясат аталат. Уорик университетинин саясий лектору Дэвид Карлтон британ элитасы калктын басымдуу көп бөлүгүнө караганда Иракка көбүрөөк көңүлүн төшөдү дейт. Калктын басымдуу көпчүлүгү,асыресе, муну кубаттабайт,анын үстүнө Ирактагы иштер оңдуу болгон жок. Деген менен мунун баары массанын жадында бекем сакталып калары деле күмөн.
Блэр эртең өкмөт башчысынын кеңсесин өткөрүп берген соң жаңы кызмат алат деген кеп бар. Айтымда, Жакынкы Чыгыш жаңжалынын төрт арачысы – Улуттар Уюму, Евросоюз, АКШ жана Россия – Блэрди өзүнүн региондогу өкүлү кылып дайындоону чечишти.