Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:29

ФРАНЦИЯ ТҮРКИЯНЫ ЕВРОСОЮЗГА КОШКУСУ КЕЛБЕЙТ


Брюсселде Евросоюздун өкүлдөрү Түркияны шаркетке кабыл алууга байланышкан маселелерди талкуулашты. Кабыл алынган чечимде өкүлдөр азырынча жаңы эки багытта – финансы көзөмөлү жана статистика чөйрөсүндө гана Анкара менен сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болушту. Ал эми экономика жана валюта саясаты жагынан сүйлөшүү процесси Франциянын талабына ылайык күзгө калтырылды.

Түркияны союзга мүчөлүккө даярдоо боюнча маселеде баары болуп отуз беш пункт бар. Алардын ичинен финансы көзөмөлү жана статистика маселесинде Анкара менен сүйлөшүүлөр жакында башталышы керек. Калган пункттар боюнча талкуу-талаңштар, шаркетти кеңейтүү ишин тескеген комиссар Олли Рендин болжолунда, өтө эле ыкчам дегенде он-он беш жылда барып аякташы мүмкүн. Айрым бейырасмий эсептерде Түркия ооматы келсе союзга чейрек кылымдан соң гана кошулары айтылат. А кокус Анкаранын жолунда каскак-тоскундар көбөйсө, анда Түркияга бу мүдөөдөн баш тартканга туура келиши да мүмкүн.

Брюсселдеги кечээки жыйында экономика жана валюта саясаты жагынан деле Анкара менен сүйлөшүүлөр процессин баштоону макул көрүп жатышкан. Бирок буга Франция, биринчи кезекте президент Николя Саркози каршы чыгып,натыйжада бул пункт күн тартибинен алынып салынды.

Саркози баштатан эле Түркиянын Евросоюзга алынышына каршы чыгып келатат. Бу маселе атүгүл анын президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү ураан-убадаларынын бири болгон. Саркози Түркия географиялык жактан эски материкке кирбейт, ошол себептен ал Евросоюзга да алынууга тийиш эмес деп эсептейт. Бу көз карашынан Саркози кайтпай турганын париждик чиновниктердин бири ырастады.

Евросоюздун коопсуздук маселелерин изилдеген институтунун эксперти Валтер Пош да Саркозинин тышкы саясатынын негизги багыттарын кеп кылып жатып, мунун айдан-ачык бир пункту Түркияга байланыштуу экенин, анын Евросоюзга алынышына жаңы шайланган президент айныксыз түрдө “жок” деп айтарын белгилеген эле.

Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган майдын башталышында Франциядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын комментариялап, Саркозинин саясий өнөктүктүн жүрүшүндө Анкарага багыштап айткан кептерине окшогон апаздарды Евросоюз менен сүйлөшүүлөрдө болсун, түрк-француз мамилелеринде болсун ырасмий Анкара мындан ары укпайт деп ишенгиси келерин эскерткен.

Анкаранын Брюсселдеги башкы өкүлү Али Бабакан Париждин кезектеги каяшасына карабастан Евросоюз белгилеген бардык талаптар боюнча башталган реформаларды Түркия уланта берерине ишендирди. Ал эми Стамбулдагы илим-изилдөө институтунан Синан Улген түрктөргө көзү түз эместигин Франция ушуну менен бир нече курдай ачык байкатып отурганын, натыйжада өлкөдөгү улутчулдар арасында антифранцуздук, жалпы эле антиевропалык маанай күч алып баратканын эске салды. Башка бир баяндамчылар калган түрктөр деле тажай баштады, бир күнү болбосо дагы бир күн алар баарын жыйыштыргыла, евросоюзсуз деле күнүбүз өтөт деп, Анкарага маселе коюп чыгышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG