Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

УНИВЕРСИТЕТ РЕФОРМАСЫ: ЖАҢЫЛАНУУ ЗАРЫЛДЫГЫ


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине кыргыз таануу аталышын кошуу биртоп талаштарды жаратты. Жаңы аталышты жактырбагандар реформа шылтоосу менен факультет, кафедра башчыларын алмаштыруу амалы катары баалашса, университет жетекчилиги заман шартына жараша жаңылануу зарылдыгына байланыштуу түшүндүрүүдө.

Улуттук университетке Жусуп Баласагындын атын берүү демилгесин учурунда профессор Качкынбай Артыкбаев көтөрүп чыккан. Республикадагы эң ири жогорку окуу жайы кийинки жылдарда эле биртоп өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. К.Артыкбаевдин ырасташынча, кыргыз филологиясы факультетине кошумча катары кыргыз таануу аталышын берүү кезектеги реформага шылтоолоп, кээ бир окумуштууларды ээлеген кызматынан бошотуунун гана амалы.

- Мен муну кээ бир адамдардан кутулуп, өзүнүн адамдарын коюштун амалы го деп ойлойм.

Ушундай эле пикирин Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, профессор Абдыкадыр Садыков да билдирди.

- Каршы чыксак болбоду. «Идите, вы свободны» деп орой сөз айтып бизди чыгарып жиберди. Ошентип шылкыйып, студенттин кебетесин кийип, башыбызды жерге салып чыгып кеттик. Анан ал чечим азыркы кезде бекитилиптир. Азыр мындай аталат: «Кыргыз таануу жана кыргыз филологиясы» факультети. Ушунун негизинде эми кафедралар бириктирилмек, декан шайланмак, жаңы кафедра башчылары шайланмак. Ректоратта болгон жыйында К.Артыкбаев экөөбүзгө Ы.Өмүрканов атайын кайрылды: «Силер эмне үчүн эски тартип менен иштегиңер келет? Силер эмне үчүн консерваторсуңар? Силер карысыңар. Силер жаңы шартка жараша иштебей жатасыңар. Саат сурагандан башканы билбейсиңер», деген сөздөрдү айтты. Абдан капа болдук.

Университеттин проректору Бектурсун Байсабаев факультет атын өзгөртүү тек шылтоо гана, максат андагы айрым адистерди ордунан жылдыруу, ордуна жаңыларын алып келүүнүн амалы деп эсептейт.

- Аты өзгөргөн менен заты өзгөрбөйт да. Ал жерге «кыргыз таануу» дегенди кошуп койгондо, ага тарых да кириш керек. Буга география да кириш керек. Буга педагогика да кириш керек. Буга психология да кириш керек. Ал эми кыргыз таануудан тилди, адабиятты өзүбүз деле окутуп жатпайбызбы. Анан ага кыргыз таанууну жамап койгон туура эмес да. Жеке менин пикиримде, бул реформа эмес.

Кыргыз филологиясы факультетине жаңы багыт берүү аракетинин антип абройлуу окумуштуулардын сынына кабылышынын чоо-жайын сурап Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин ректору, профессор Ырысбек Өмүркановго микрофон сундук.

- «Кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу» дегенибиз бул дагы азыркы мезгилдин талабы болуп жатат. Качкынбай Артыкбаев жана башка авторлор министрликке жазып отуруп бардык жогорку окуу жайларга, факультеттерге «Манас таануу» деген сабак киргизишти. Бирок «Манас таануу» каяктан чыгып жатат? «Кыргыз таануу» дегенди жалгыз «Манас таануу» аркылуу беришибиз туура болобу? Ошон үчүн, ушул факультетти кичине жылдырыш үчүн аракет. Мисалы, котормочу. Ачык айтканда, кыргызча профессионал котормочу болбой жатпайбы. «Аны даярдабасак, андай факультеттин эмне кереги бар», деп жатам. Мен тийишкеним жок, филология калып жатат. Бирок, ошол филологияга да мүмкүнчүлүк бериш керек да,- дейт Ырысбек Өмүрканов.

Улуттук университет жаңы ректорду шайлоодон кийин мындан ары кандай багытта өнүгүү керектигин, кыйла эле төмөн түшүп кеткен коомдук кадыр-баркын кантип көтөрүүнүн амалын издөөдө. Университет алдындагы саны көп, сапаты анчалык эмес институттардын көбү жоюлуп, факультеттер калыбына келтирилүүдө. Кыргыз филологиясы факультети менен эриш-аркак келаткан орус филологиясы факультетине славистика кошулду.

Окуу жайдын жаңы жетекчилигинин азыркы иш-аракеттеринин текши баарын эмгек жамааты ушу тапта чоң талаш-тартыш менен өткөн ректор шайлоого байланыштырып, ошонун тикелей жыйынтыгы катары баалашууда. Ортодон чыккан талаш-тартыш көп учурда окуу жайдын ичинен чыгып, коомдук жаңырыктарга ээ болуп, атүгүл соттук териштирүүлөргө чейин жетүүдө.
XS
SM
MD
LG