Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

ИРАКТЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРИНЕ АЙЫП ТАГЫЛУУДА


Төрөкул Дооров, Прага “Эркин Ирак” радиосу кабарлагандай, бийликтер өлкөнүн Маданият министри Асад Камал ал-Хашимини камоого өкүм чыгарышты. Ага “мындан эки жыл мурда суннилердин секулярдык лидерин өлтүрүүгө аракет кылган” деген айып тагылгандан кийин, министрдин үйү тинтүүгө алынды. Анын аралыгында, Багдатта коопсуздугу күчөтүлгөн жерде жардыруу болуп, 13 адам мерт болушу бийликтерге ишенимди жогото баштаган өңдүү.

Иракта буга чейин эч кайсыл министрге каршы айып тагылган эмес эле. Ошондуктанбы, айтор, Маданият министри Асад Камал ал-Хашимди түрмөгө отургузуу боюнча чыгарылган өкүм заматта ирактык саясий атаандаштыктагы топтор ортосунда чыңалууну күчөттү.

Ирак өкмөтүнүн расмий өкүлү Али ал-Даббаг министр Хашимиге “2005-жылдын февралында парламентке талапкер Митал ал-Алусиге каршы чабуулду уюштурган” деген айып тагылып жатканын билдирди.

Секулярдык сунни арап ал-Алуси чабуулдан жапа тарткан эмес. Бирок Багдаттан чыга бериште анын машинесине куралчан кишилер ок чыгарышканда, Алусинин эки уулу тең окко учуп өлөт. Ал-Даббагтын айтымында, Алусиге кол салган эки куралчан киши кийин “буйрукту ал-Хашими бергенин” мойнуна алышкан экен.

Ал-Хашиминин үйү тинтүүгө алынган учурда, ал өзү башка жерде болгон. Министрдин саясий жактоочулары болсо ага каршы тагылган айыпты атайы даярдалган деп аташты.

“Эркин Ирак” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, ал-Алуси ага кол салууга аракет кылгандардын артында дал ушул министр ал-Хашими турат деп айтты.

- Азыр ал Жашыл зонада жана Ирактын өкмөтүндөгү жогорку расмий адамдардын бирөөнүн коргоосу астында турат, - деди Алуси.

Бул киши Ахмад Чалабинин Ирактын Улуттук конгресси партиясында алдыңкы тепкичтерде тургандардын бири болчу. Бирок Иорданияда израилдик айрым расмий адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин, тизмеден чыгарылган.

Чынында, ким аны өлтүрүүгө аракет кылган болушу так белгисиз. Бирок ал окуя Алуси израилдиктер менен сүйлөшкөндөн кийин эле орун алды. Кийинчерээк ал-Алуси парламентке өтөт.

Ал-Хашими болсо өзү сунни араптардан болот жана ислам окуулары боюнча профессор экени белгилүү. Ал жетектеген Ирак элинин башкы конференциясы деген партия Хашимиге каршы айыпты жана рейд уюштурулушун кескин айыптап чыкты.

Анын аралыгында, Багдатта дүйшөмбүдө АКШнын колдоосу менен сунни жана шийи урууларынын лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатканда, коопсуздукка сокку урулгандай болду.

Багдатагы “Мансур” мейманканасындагы үч катмарлуу коопсуздук тосмолоруна карабай, ал жерге да жанкечти кирип барууга үлгүргөн экен. Бул мейманканада көптөгөн чет-өлкөлүк журналисттер жашачу.

Жардыруудан көз жумган 13 тургундун ичинде төртөөсү түрдүү уруулардын лидерлери болчу. Азыр эми кантип жанкечти бул мейманканага кире алганы суроолорду жаратууда. Жетекчиликтен да кимдир бирөөлөр ага жардам берсе керек деген божомолдор айтыла баштады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG