Маскөөдөгү жыйын алдында Яап де Хооф Схеффер 25-июнда Санкт-Петербург шаарында НАТО уюму менен Орусия ортосундагы мамилелерге арналган семинарга да катышты. Быйыл - Маскөө менен НАТО ортосундагы байланыштардын түзүлгөнүнө 10 жыл, ал эми 2002-жылы Рим шаарында НАТО-Орусия кеңешинин пайда болгонуна беш жыл толууда, ошондуктан Маскөө менен Санкт-Петербург шаарларында өткөн жыйындар мааракелик маанайга ээ болууга тийиш эле.
Бирок жыйында сүйлөгөндөр анын баарын белгилеп, карама-каршылыктар канчалык күчтүү болсо дагы, кызматташуу уланууга тийиш дегени менен, алар жоюлган жок. Де Хооф Схеффердин айтымында, азыр кызматташуудан башка айла жок: "Орусия менен НАТО ортосунда терең жана таза кызматташуудан башка мамиле болбош керек экенине мен катуу ишенем. Анткени Орусия сыяктуу шериксиз НАТО күчтүү боло албайт жана ошондой эле НАТОсуз Орусия дагы аракеттене албайт", - деди де Хооф Схеффер жыйын учурунда.
Анын айтымында, Чыгыш Европада америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрүн орнотууга жооп катары Орусия Европаны өз ракеталарына бута кылам дегени туура эмес. Дагы бир жооп катары Маскөө Европадагы өзөктүк эмес куралдарды чектөө келишиминен чыгам деп жатканы дагы туура эмес деди де Хооф Схеффер.
Президент Путин дагы кызматташуу канчалык маанилүү экени жөнүндө сүйлөдү: "Биз мурдагы тирешүүдөн тартып азыркы кызматташууга чейин өнүгүп келдик. Албетте, бул абдан татаал иш, анын учурунда маселелер чыкпай койбойт. Бирок биз ишенебиз, эл аралык коопсуздук үчүн, дүйнөдөгү тынчтык үчүн Орусия менен НАТО ортосунда пайда болгон маселелерди азыркы туруктуу кызматташуу чечүүгө көмөктөшүш керек", - деди Путин.
Анткен менен жыйын учурунда эч кандай жаңы келишимдер түзүлгөн жок жана тараптар мурдагы турумдарында калды. Батыш мамлекеттери Косово маселеси боюнча жаңы резолюциянын долбоорун даярдап, аны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине киргизген жана Маскөө ага вето сала турганы жөнүндө ачык айтууда. НАТО болсо жакында ал долбоорду колдоп чыкты.
Маскөөдө чыгуучу "Независимая газета" жакында жазып чыкканга караганда болсо, Европадагы өзөктүк эмес куралдарды чектөө келишиминен Орусия чыгып кетүүнү чечти жана президент Путин азыр - ал тууралуу чечимге качан кол коюш керек экени жөнүндө гана ойлонуп жатат.
1-2-июлда Путин АКШга барып, америкалык президент Жорж Буш менен анын атасынын үйүндө жолугууга тийиш жана маселе азыр - ал чечимге ошол жолугушууга чейин же андан кийин кол коюш керекпи дегенде жатат дейт гезит. Кээ бир башка эксперттердин айтымында, де Хооп Схеффер Маскөөгө - эки президенттин жолугушуусу алдында орус жетекчилигинин турумун аныктоо үчүн келип кетти.