Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

БИШКЕКТЕ ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН КОРГОО МИНИСТРЛЕРИНИН КЕҢЕШИ ӨТТҮ


27-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү. Анда ушул жылдын август айында Орусияда уюмга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрүү тууралуу макулдашууга, кеңешменин ишинин жыйынтыгы боюнча коммюникеге кол коюлду.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков кеңешмеде негизинен эки документке кол коюлганын маалымдап, ушул жылдын август айында Орусиянын аймагында өтүүчү Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аскерий машыгууларына кыргыз жоокерлери да катыша тургандыгын айтты:

- Сөзсүз машыгууга катышабыз. Даярдыктары абдан жакшы. Убагында барып, убагында катышып, алдыга койгон максаттарды так аткарып келебиз.

Шаңхай кызматташтык уюмуна негизинен бар гана милдет жүктөлгөнүн Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков маалымдады:

- Кеңешмеде мына ушул маселеге да токтолдук. Шаңхай кызматташтык уюмун биз башка бирөөлөргө каршы турган блок катары карабайбыз. Бул башкы максатты, террорчулукка каршы күрөшүүнү көздөгөн уюм. Андан башка максаты жок.

Бирок да Кытай өкмөтү бул милдетке диний жикчилдик менен бөлүп-жаруучулукка каршы күрөштү катар коерун коргоо министри Цао Ганчуань ырастады:

- Жаңыдан түзүлүп жаткан чагында эле Шаңхай кызматташтык уюмуна мамлекет башчылары коргонуу жана коопсуздук жаатында үч негизги милдетти тагышкан. Мезгил мамлекет башчыларынын стратегиялык даанышмандыгын, алысты айкын көрө алгандыгын көрсөттү.

Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев Ооганстандагы абал кайрадан татаалдашып баратканына, диний чаарбаштарга каршы туруу аракеттери көрүлүп жатканын маалым кылды:

- Түшүм жыйноого байланыштуу, эмненин түшүмү экенин айтпасам деле билесиздер, бираз токтолгонсуп калды. Коңшу өлкөдө «Алькаида», «Хизб ут-Тахрир», Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн иш-аракеттери июль айында күчөй баштайт деп ойлойбуз. Алар Фергана өрөөнүнө таасир көрсөтөбү-жокпу дегенде биз көбүнесе Өзбекстан ислам кыймылынан кооптонуп турабыз.

Ш.Хайруллоев Өзбекстан ислам кыймылы чоң коркунуч келтире албаса да, этияттыктан чек араларды бекемдөө иштерин жасап жатышканын билдирди.

Өзбекстандын коргоо министринин орунбасары Рустам Ниязов «Хизб ут-Тахрир» сындуу күчтөрдүн даярдыктары тууралуу маалыматтарды алып турушарын, аларга жол бербеш үчүн өлкөдө жетиштүү күч бардыгын ырастады:

- Экстремисттик уюмдарды жок кылуу, көзүн тазалоо үчүн болгон аракеттердин баарын жасап жатабыз. Фергана өрөөнүнө кимдир бирөөлөрдүн таасири тийүүдө, таасир көрсөтүп жатат деп апыртып кеп кыла берүүнүн кажаты жок. Антиш туура эмес. Жагдайдын баары көзөмөлгө алынып, башкарылып турат.

Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерлери 2002-жылдан бери 5 ирет биргелешкен машыгууларды өткөрүшкөн. Быйылкы «Тынчтык миссиясы – 2007» аскердик машыгуулары Орусиянын аймагында болмокчу.

XS
SM
MD
LG