Мындай шартта чет элдик байкоочулар тиешелүү өлкөдөн качып чыккан качкындардын баяндамасына гана негизденет. Бирок авторитардык өкмөттөр мындай фактыларды далил катары кабыл албай четке кагып, юридикалык күчүн жерип келишет.
“Жабык өлкө” деген түшүнүк орбитага чыгарылган сателлиттер үчүн өз күчүн дээрлик жоготту десек болот. Маселен, зулум режим тигил же бул кыштакты ойрон кылган чакта, мындай кыйроого учураган жайларды космостон сүрөткө түшүргөн сателлиттен жашырып кала албайсың.
Илимди илгерилетүү боюнча америкалык ассоциациянын адам укуктары долбоорунун жетекчиси Ларс Бромлинин оюнча, сателлит тарткан бул сүрөттөрдү четке кагуу кыйынга турат:
- Биз бул технологиялык жаңылыктарды колдоно баштасак, анда “биздин айтымыбызда жана тигилердин айтымында” деген сыяктуу акыйнек айткан кырдаал үчүн орун калбай калат. Биз калыс, обьективдүү маалыматты топтоп сунуш кылып жатабыз, аны космосту иликтеген НАСА же Европа Космос Агенттиги сыяктуулар тапкан маалыматка тете деп кароого болот.
2004-жылдан тартып Аmnesty International уюму аталган ассоциация менен бирге “Дарфурга кылдат байкоо салуу” долбоорун жүзөгө ашырышкан. Алар жаңы технологиянын жардамы менен Судандагы 1171 үйдөн турган бир кыштак ойрон болгонун 2004-жылы сүрөт аркылуу тастыктай алышкан. Илимди илгерилетүү боюнча америкалык ассоциациянын адистери бул уюм башкарган айрым соода ишмердүүлүгүнө багытталган сателлиттерге жерден буйрук берип, талаш-тартыштуу жана шек туудурган аймактарды космостон сүрөткө тарттырып, бул маалыматты ар тараптуу иликтеп келет.
Улам жаңы технологиялык ачылыштар мындан да татаал тергөө иштерин жана башка иш-аракетти космостон туруп жасоого мүмкүндүк бермекчи. Маселен, Бромли мырзанын айтымында, Ооганстанда радар технологиясын колдонуу менен болжолдуу массалык кыргын жайларын сателлит аркылуу космостон туруп табууга болот.
- Радардын сигналы жердин кыртышына саал илгерилеп сүңгүп кире алат, бирок бул – жер кыртышынын канчалык нык, катуу экендигине багыныңкы. Жердин нык кыртышы бузулган болсо же мындай нык кыртыш казылган болсо, же мындай жаңы казылган чуңкурга өлтүрүлгөн кишилердин сөөгү жашырылган болсо, анда бул чуңкур радардын сигналын анын тегерегиндеги башка нык кыртыштан, таштак жерден, айырмалуу чагылдырат.
Чеченстанды алсак, маселен анын кайсы бир районунда электр жарыгын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүндү дейли. Ал каражат туура колдонулдубу? Ошол аймактагы кыштактардын кечки жана түнкү жарыгын космостон туруп ырааттуу эсептөө аркылуу бул каражат туура сарпталган-сарпталбаганына кошумча далил табууга болот.
Азыркы тапта сателлит маалыматын укук коргоо тармагында гана эмес, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында да ургаалдуу колдонууга кезек жетти. Маселен, Сибирдин көздөн далдаа кеңирсиген аймактарында токой өрттөнүп жатабы же башка башка бир жерде ушул сыяктуу экологиялык кырсык болдубу, ага космостон байкоо жүргүзүү иши жердеги экологдук көзөмөлгө караганда алда канча жеңил.
Тигил же бул режимге сателлиттик көзөмөлдөн жеңилдик берген бир гана жагдай – асманды коюу булут каптап турган учур. Бирок булутту күн сайын өлкөнүн аба мейкиндигинде үзгүлтүксүз кармап тура албайсыз да.