Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

ЮРИЙ ЛУЖКОВ ШААР БАШЧЫ БОЛУП БЕШИНЧИ МӨӨНӨТКӨ БЕКИДИ


Муса Мураталиев, Москва Шаршембиде Юрий Лужков – бешинчи жолу - Москванын мэри болуп дайындалды. Аны жаңы мөөнөткө Москванын шаардык думасы басымдуу көпчүлүк добуш менен бекитти. Алдыңкы жумада Лужковдун талапкерлигин шаардык парламенттин колго салып бекитүүсүн өтүнүп Владимир Путин сунуш киргизген. Колго сала келгенде «Бирдиктүү Орусия» фракциясы менен «Яблоко» партиясынын жааташтары колдоп чыгышкан. Оңчулдар союзунун күчтөрү менен коммунисттер депутаттары каршы чыгышкан. Юрий Лужков 1992-жылдан бери Москванын мэри болуп келе жатат. Арада үч жолу москвалыктардын түз шайлоосунда шаар башчылыкты жеңип алган.

Юрий Лужков дагы төрт жылга шаар башчы болуп бекиди. Жашырын добушка сала келгенде аны 32 депутат колдоп, калган 3 депутат ага каршы болгон. Калаа башчынын кызматтык мөөнөтү декабрь айында байымак. Ал айда өлкөдө Мамдуманы шайлоо болот. Андан ары президентти шайлоо турат. Ошондуктан анализчилер баамында Кремлдин саясаты жеңишке жетүү болгондуктан Лужков сыяктуу «Бирдиктүү Орусия» теңтайлаш жетекчилеринин биринен кол үзгүсү келбейт.

Маалымат каражаттары белгилегендей, Лужков өзү шаар башчы болуп дагы калсам деген көөнү бар экенин Кремлге апрелдин ортосунда эле билдириптир. Бирок ал жолу президенттин колдоосун таппай кур кол кайтыптыр. Анан капилеттен эле 22-июнда, Путин баш калаага мэр кылып Лужковду дайындаш керек деген сунуш киргизген. Андай сунуш «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жетекчилер таасиринен улам болгонун айтышат.

Анализчилер болжолунда бул жолу Юрий Лужковдун шаар башчы болуп дайындалышы убактылуу болушу ыктымал. Эмне дегенде ал, алдыда кирип келген шайлоолордон улам «керектүү киши» болуп атат. Маселен, Карнеги борборунун эксперти Андрей Рябовдун ою да ушундай:

- Жаңы шайланган президент өз жаатташтарын ала келет. Ошондо анын бир умтулуусу - Маскөөлүк шаар башчы кылып өз кишисин олтугргузуу болот.

Кечээ жетимиштин кырына келип калган Лужков шаардык думада депутаттар өзүн бекиткенден кийин сүйлөгөн сөзүндө:

- Биздин коомдо, азыркы тушта, аймактардын жетекчилигин дайындоо системасы түзүлдү – бул жакшы. Бирок, ошол эле учурда мен атуулдардын катышуусу астында көп талапкердин бири болуп шайланбаганым үчүн камыгамын.

Эксперттер болсо Федералдык бийликте олтургандар кармаш учурунда Маскөөнүн добуш берүүчүлөрүн башка бирөөнүн колан берип тобокелге салгылары келбейт дешет. Ошол алдыда турган ири кызыкчылыктан улам, «Бирдиктүү Орусия» башында турган жааттын кызыкчылыгынан улам Лужковду калтырып атышат дешет.

Баш калаанын тургундары болсо «Юрий эле тура турсун, ал кетсе Путин анын ордуна питердик жердешин алып келип коет» ,- деп каңкуулашууда.
Лужков маскөөлүктөргө 15 жылга чукул кожоюндук кылып келет.

XS
SM
MD
LG