Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИ ЖАШАР БАЛАГА ВИЧ ИЛДЕТИ КАЙДАН ЖУКТУ?


Кыргызстанда эки жашар балага ВИЧ инфекциясы жугузулганы аныкталды. Дарыгерлердин айтымында, азыр балага бул илдет кандай шартта жана кайсы жерде жукканы иликтенүүдө. Балага бул илдет таза эмес канды куюудан жукту деп айтууга али эрте.

Республикалык СПИД борборунун башчысы Сагыналы Маматовдун айтымында, ВИЧ илдетин жугузуп алган бала 5 айынан тартып ооруй баштаган. Бир жылдан ашуун убакыттын ичинде бала 12 жолу ооруканага жатып чыккан:

- Ата-энесинен сурасак, балага кан куюлган экен. Бирок кан атасынан куюлган экен. Алар буга чейин Ноокаттагы территориалдык ооруканада, андан соң Оштун облусттук балдар ооруканасында жаткан. Бишкекте үч ооруканада жатышты. Азыр эми донорлорду текшерип атабыз. Ата-энесин да текшердик, алар таза чыкты. Баланын абалы учурда салыштырмалуу жакшы болуп калыптыр. Эми диагнозун айтуу кыйын, көптөгөн оорулар бар. Албетте иммундук системасы абдан начарлап калды да.

Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, акыркы үч жыл ичинде ВИЧ илдети 5 балага жуккан. Алардын экөөсү иммунитети начарлагандан улам ооруларга туруштук бере албай каза тапкан.

Эрежеге ылайык, ВИЧти жугузуп алган бала башка дени сак балдар менен бирге дарыланууга укугу бар. Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун башкы дарыгеринин орун басары Нурлан Асакеевдин айтымында, бала ВИЧке чалдыккандыгы тууралуу маалымат бөлүмдүн доктураларына да берилбейт:

- Биздин ооруканага акыркы бир жыл ичинде эле ВИЧ илдети менен эки бала түшкөн. Мындай балдар башка балдар менен бирге бир палатада дарыланышат. Биз аларды башка балдардан эч бөлбөйбүз, кандайдыр бир кемсинтүү жок. Эми албетте, жакында эле ВИЧ бар экени аныкталган баланын аты-жөнүн , ал кайсы жерде даарыланып жатканы айтууга биздин укугубуз жок. Эреже боюнча, биз ВИЧти жугузган бала тууралуу маалыматты бөлүмдүн дарыгерлерине да бербейбиз.

Барыбызга белгилүү болгондой, өткөн жылы Казакстанда Чымкент шаарындагы ооруканалардын биринде таза эмес кан куюудан 49 балага ВИЧ илдети жуккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуя дарыгерлердин шалаакылыгынан жана кайдыгерлигинен болгонун айтууда. Кошуна мамлекетте орун алган мына ушундай окуядан кийин Кыргызстанда кан куюну көзөмөлгө алуу күчөтүлгөн болчу, дейт Сагыналы Маматов:

- Донордун анализин аягына чейин күтпөй куюп жиберген учурлар да болгон, аны жашырганда эмне. Бирок Чымкенттеги окуя болгондон кийин, бизге абадан катуу талап коюлду. Бүгүнкү күндө донордун каны кылдаттык менен текшерүүдөн өтүп, анан ошондон кийин гана куюлат.

Кыргызстанда болгон бул окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Эми алар илдетти жугузуп алган бала жатып чыккан ооруканалардын бардыгын текшерүүнү пландаштырууда. Айрым массалык маалымат каражаттары ВИЧти бул бала кан куюнун негизинде жугузуп алды деп кабарлашууда. Бирок учурда жүрүп жаткан эпидемиологиялык иликтөөлөр бүтмөйүчө балага ВИЧ кайдан жана кимдин күнөөсү менен жукканын айтуу эртелик кылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө ВИЧке чалдыккандардын саны Кыргызстанда 1083кө жетти. Алардын 46сы боюнда бар аялдар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG