Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

ОРУСИЯДА 18 ӨЗБЕК ЖАРАНЫ КУЛЧУЛУКТАН КУТКАРЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Орусиянын Орел облусунда жакында өлкөнүн Коопсуздук кызматынын жардамы менен 18 өзбек атуулу кулчулуктан куткарылды. Ал жерде бирөөлөр өзбек мигранттарын узак убакыт бою автоунааларды жууй турган жерде кыйнап, иштетип жүрүшкөн экен.

Кул катары иштеп келген өзбекстандыктарды куткаруу операциясын Орел облусундагы ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмү өткөргөн. Облусттук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Марина Костикованын айтымында, өзбек мигранттарын автоунааларды жуугуч катары иштетип келишкени айкын болду.

- Өзбекстандыктар жашоо үчүн такыр ыңгайлуу деп эсептелбеген ушул эле машинелерди жуучу жайларда жашашкан. Аларды көчөгө чыгарышкан эмес. Жаңы кожоюндары алар менен дайыма сүйлөшүп турушчу экен: “Көчөгө чыксаңар, силерди милиция кармап алат, анткени тийиштүү документиңер жок”, - деп коркутушканын айтышты,- дейт Костикова.

Эгер өзбектерден бирөө жарым качууга аракет кылса, аларды уруп, токмоктоп, дарыяга чөктүрүп кыйначу экен. Алар күнү-түнү эс албай, дээрлик 24 саат бою иштешчү.

- Бирок акыр аягында айрым өзбектер качып кутулууга үлгүрүштү. Экөөсү Федералдык Коопсуздук Кызматынын Орел облусу боюнча башкармалыгына, дагы экөөсү милицияга кайрылышты. Кийин калгандарды куткарууга милиция киришти. Ошентип, эки күндүн ичинде 18 өзбекстандык жаран кулчулуктан куткарылды.

Марина Костикованын айтымында, жалпысынан ал жерде 22 өзбек жараны иштеген. Төрт өзбекстандык жаран мындан мурдараак эле качып кетиптир. Азыр аларды милиция кыдырып жатат.

- Эми куткарылган кишилерди өз өлкөсүнө, Өзбекстанга, өткөрүп бериши мүмкүн. Анткени алар Орусияда мыйзамсыз жашап жүрүшкөн.

Орел облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кабарына ылайык, ал өзбекстандыктарды Прыгунов деген орусиялык жаран жетектеген өзүнчө бир кылмышкерлердин тобу иштеткен. Алар буга чейин да мындай кылмыштарга барып жүрүшкөн өңдүү, анткени текшерүү учурунда дагы бир топ башка кулдардын сүрөттөрү табылганы айтылды.

Маалыматтарга караганда, бул иш боюнча Орусиянын Кылмыш жаза кодексинин 322-беренесине ылайык, “Мыйзамсыз миграцияны уюштурган” деген айып менен кылмыш иши козголду. Дагы башка беренелер боюнча да иш козголушу мүмкүн экени айтылууда.

Ошол эле учурда, адам укугун коргоочулар ушул тапта Орусиянын ар кайсыл шаарларында мындай кулчулук абалда иштеп жаткан миңдеген орто азиялык мигранттар бар экенин айтып жатышат. Адатта иш берүүчүлөр алардын паспортторун тартып алып, бир нече айлап акча бербей иштетип келатышканы бүгүнкү кыргызстандык мигранттар үчүн деле жаңылык болбой калды окшойт.

XS
SM
MD
LG