Компьютер коопсуздугу боюнча Вашингтондук BT Counterpane кампаниясынын адиси Брюс Шейердин айтымында, өкмөткө жагымсыз маалымат тараткан интернет-сайтты жаап салуу – оңой эле иш.
- Ар бир өлкөдө интернетти тейлеген провайдер-компаниялар бар. Анан өкмөт ошол интернет байланышын камсыздоочу кампанияга: “баланча веб сайтты жаап сал” деп айтат. Ал кампания мамлекетке көз каранды болгон соң ал интернет-баракчанын ишине бөгөт коет да, окурмандар бул интернет-сайтты ачып окуй албай калат. Бул оңой эле операция.
Макул, Бишкекте, же Минскте отуруп алып, калыс жаңылык тараткан бир сайтты ача албай калдык дейли. Маалымат алалбай отуруп калбай, бир аракет көрсө болобу? – деген суроого Шейер төмөнкүдөй жооп узатты.
- Андай кырдаалдан чыгуунун амалы көп. Керектүү интернет-сайтка алып барчу жолду жаап салуу – бул эми компьютерден түшүнүгү тайыз адамдар үчүн ойлоп табылган кадам. Сиздин өлкөдөгү провайдер кампаниялардан башка универсалдуу интернет тейлөөчү кампаниялар бар. Алар аркылуу сиздин өлкөдөгү провайдер жаап салган интернет-сайтты ачып алсаңыз болот. Анын эң жөнөкөй жолу – Интернеттеги издөө системасы – гуглга барып, web anonymizer tools деген баракчаны ачсаңыз, жабылып калган сайтка баруунун жолун табасыз. Анда сиздин өлкөдөгү провайдер сиз бөгөт коюлган сайтты ачып алганыңыздан кабарсыз калат.
Гуглдагы Брюс Шейер атаган баракчасын ачып көрсөк, “сандардын чатагы” дегендей эле толгон-токой сандар, көрсөтмөлөр бар экен. Компьютер коопсуздугу боюнча адис бирок, дал ошол жерден баштаган жолуңуз акыры ачылбай калган сайтка алып барат дейт.
Компьютер, интернет саат сайын өнүгүп аткан ушу чакта өкмөттөр интернеттеги маалыматты текшерип-тескей турган, жагымсыз сайттарды жаап сала турган программаларды оңой эле сатып алса болот экен. Андай кызматты сунуш кылган кампаниялар толтура. Бирок, Вашингтондук эксперт Шейер баары бир дүйнөлүк деңгээлден алганда, интернеттеги маалымат коопсуздугун, ачык, эркин маалымат алмашууну колдогон системалар алдыда баратканын айтат. Мисалга, Кытайдын бийликтери интернетке күчтүү цензура орноткону менен, ал жакта да жергиликтүү провайдер кампаниялардын көзүн жазгырып, керектүү сайттарды ачуунун мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдору өркүндөп турган чагы.
Кыргызстанда да ноябрь, апрелдеги митинг-демонстрациялар маалында алдыңкы сайттар күтүүсүздөн эле ачылбай, катып калган учурлар болду. Бирок андан да кооптуусу - өкмөт интернетти башка маалымат каражаттары менен теңештирип, көзөмөлгө алууну көздөп парламентке атайын мыйзам долбоор сунуш кылган. Кыргызстандык тазар.кейжи сайтынын башкы редактору Элмира Токтогулова бул жаңылыкты анын кесиптештери тынчсыздануу менен кабыл алышканын айтат.
- Көптөгөн суроолор туулат. Интернетти кантип көзөмөлдөшөт? Мунун артында сөз эркиндигин чектөө ниети турган жокпу? Анткени ушу тапта Кыргызстанда интернет-басылмалар эң алдыңкы эркин маалымат каражаты болуп калды.
Бул Бишкектик интернет-сайттын редактору Элмира Токтогулованын пикири. Өкмөттөр ошентип, дүйнөлүк маалымат торун көзөмөлгө алуу аракетинде. Бирок, интернетти пайдалануучулардын көбү жаштар болгондуктан, алардын компьютердик билими бийликтегилердин колундагы механизмдерден күчтүүрөөк болуп, баары бир керектүү сайттарды ачып алышат деген ишенич да жок эмес. Азырынча Гуглдагы бул баракчанын аталышын унутпаңыз: web anonymizer tools.