Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

БОЛГАРИЯ ЖАНА РУМЫНИЯ ЕВРОКОМИССИЯДАН СЫН УКТУ


Евробиримдикке жаңы кошулган Болгария менен Румыния уюмдун аткаруучу органы- Еврокомиссиядан сын укту. Комиссия өз докладында аталган эки өлкө асыресе коррупцияга каршы күрөшүү жаатында ийгилик жарата албаганын белгилеп, мындай көрүнүш улана берсе санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

Болгария менен Румыния Евробиримдикке быйыл январда кошулуп, шаркеттеги өлкөлөрдүн саны 27ге жеткен эле. Албетте, уюмга кошулуу алдында алар бир катар милдеттемелерди алган. Еврокомиссиянын азыркы доклады алар өткөн жарым жыл ичинде сот – укуктук реформа, коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы чараларды кандай аткаргандыгына арналды. Шаршемби күнү Брюсселдеги пресс-конференцияда Еврокомиссиянын төрага орун басары Франко Фраттини буларга токтолду:

- Коррупциянын жогорку деңгээли азыркыга чейин бул өлкөлөрдүн эң алсыз жеринин бири жана муну өкмөттөр билет. Биздин максат - Румыния менен Болгарияны кемчилигин көргөзүп, күнөөлөө эмес. Көйгөйдү чечип, жыйынтыкка жетүүсүнө жардамдашуу.

Докладда белгиленгендей, эки өлкөдө тең чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча сот өкүмдөрү чыга элек. Соңку жарым жылдагы буюрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жатат. Маселен, Болгария Евробиримдикке кошулууда алган негизги милдеттемелеринин бирөөсүн гана аткаргандай. Өлкөдө көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот системасын түзүү максатында Конституция өзгөртүлгөн болчу. Докладда көрсөтлгөндөй, укуктук системада, ички иштер кызматында айрым бир жылыштар орун алганы менен ага ыраазы болууга али эртелик кылат. Еврокомиссия төрагасынын орун басары Франко Фраттининин айтымында, жалпы жагдай канаатандырарлыксыз бойдон калууда, бирок оптимизмге да негиздер бар:


- Бул жерде Болгария жана Румыния тараптан жакшы ниет жана аракет бар. Ушул эки нерсе жыйынтыкка жетүү үчүн керек. Ушундан улам менен бул эки өлкө тең биздин ишенимге ээ деп айтып жатам. Биз Румыния менен Болгарияга Евробиримдиктин мүчөсү болгону үчүн гана эмес, ал кызматташуу жана текшерүү механизмдери боюнча иштешип жатканына байланыштуу ишенебиз.

Еврокомиссия докладда айтылган сын-пикирлерине карабай, Румыния менен Болгарияга каршы кандайдыр бир санция киргизүү сунушун азырынча жасаган жок. Аталган эки өлкөнүн аракети эми жыл соңуна карата дагы бир жолу бааланат.

Еврокомиссиянын кийинки отчету Болгария менен Румыния айыл-чарба субсидияларын кандай өздөштүрүп жана пайдаланып жатканы тууралуу болмокчу. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү эгер жагдай өзгөрбөсө Брюсселден ажыратылуучу каражат кыскартылышы мүмкүн экенин билдиришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG