Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

ЖОГОРКУ СОТ АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ӨЗҮНҮН МУРУНКУ ЧЕЧИМДЕРИН ЖОККО ЧЫГАРДЫ


Сот отурумуна катышуу үчүн 32 киши келди. Булардан тышкары Аксы окуясы боюнча соттолуп кайра акталган мамлекеттик мурдагы алты кызматкер жана анын жоон топ тарапкерлери катышууда. Ишти кароо 14-июнга, 21-июнга белгиленип, андан 28-июнга которулган. Аксы окуясына байланышкан ишти Жогорку Сот башкы прокуратуранын кайрылуусунун негизинде карап жатат. Түштөн кийин Жогорку Сот өзүнүн мурдагы чечимдерин жокко чыгарды. Аксы окуясы боюнча 2002-жылы козголгон кылмыш иштин негизинде нааразылык акцияларын өткөрүүгө тоскоолдук кылды деген негиз менен мамлекеттик алты кызматкер сот жообуна тартылышкан.

Жогорку Сот кийинчерээк аларды актаган болчу. Аксылык жабырлануучулар акыркы эки жылдан бери жаңы бийликтен Аксы окуясына укуктук баа берүүнү тынымсыз талап кылып келатышат. Аксы окуясында ок атылып, беш адам мерт болуп, көптөгөн аксылыктар жаракат алганы айтылып келатат. Адвокат Сартбай Жайчибековдун билдиргенине караганда, эми Аксы окуясы башынан баштап кайрадан иликтөөгө алынат.

Жогорку Сот коллегиянын түшкө чейинки отурумунда башкы прокуратуранын корутундусун карап, жарыш сөзгө чыккандарды укту. Аксылыктар корутундуну жалпысынан колдоп, бирок, «Тайфун» операциясына, курал колдонуу себептерине байланышкан бир топ жагдайлар кирбей калгандыгын белгилешти. Аксы окуясы боюнча жаза алып, кайра акталган мурдагы мамлекеттик кызматкерлер башкы прокуратуранын корутундусунда жаңы жагдай жок деп, Жогорку Соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырууну сунуш кылышты. Аксы окуясы боюнча нааразылык акциясына тоскоолдук кылган деген негиз менен мамлекеттик алты кызматкерди сот жоопко тартып, кийинчерээк аларды Жогорку Сот актаган болчу. Башкы прокуратура бул чечимди жокко чыгаруну сурап, аны негиздеген корутундусун Жогорку Сотко сунуш кылган. Жогорку Соттун коллегиясы ишин түштөн кийин улантат.Түшкө чейинки отурум чыңалган жагдайдагы талаш-тартыштар менен өттү.

Аксы окуясы мындан туура беш жыл мурда 2002-жылы Азимбек Бекназаровдун 700 чамалуу тарапкерлери райондук борбор Кербенге келатышканда болгон. Алар Боспиек аттуу жерге келгенде милиция органдары тосуп, ок чыгарышкан. Натыйжада милиция кызматкерлери төрт адамды өлтүрө атып, жети адамды жаралашкан. Эртеси районго коменданттык саат киргизилип, дагы бир адам ок жеп каза таап, тогуз киши ар кандай жаракат алган. Соттошуу ошондон азыркыга чейин уланып келатат.

XS
SM
MD
LG