Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

13:57 Жогорку Кеңеш 2007-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизди


Бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун парламентке сунушталышына өткөн жарым жылдын жыйынтыгы боюнча кошумча
2 миллиард сомго жакын киреше түшөөрү тууралуу божомол негиз болду. Каржы министри Акылбек Жапаров муну товар жүгүртүүнүн өлчөмү эки айда 200%ке өскөндүгү менен байланыштырды. Анын ичинде Казакстан, Россия, Кытай мамлекеттери менен болгон товар жүгүртүү 160%ке чейин өскөн. Долбоордо аталган каражат бөлүштүрүлүп, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитин уюштурууга (121 млн.), Баткендеги, Кочкордогу жер титирөөдөн жабыркаган имараттардын курулушуна(160 млн.), капиталдык салымдарга, Пүлгөн-Бүргөндү, Бишкек-Торугарт автожолдорун курууга, ремонттоого, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин фондуна жана башка тармактарга артыкчылыктар берилген.(BuS)

XS
SM
MD
LG