Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: САЯСАТЫБЫЗ ТАК БОЛБОЙ ЖАТАТ


Ошентип Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери Бишкекте жолугушуу өткөрүштү. Бул жыйын августтагы ШКУнун саммитине даярдык болуп калды. Бул саммиттин мааниси кыргызстан үчүн чоң экенинде күмөн жок. Бирок өлкө мындай вазийпаны аркалай алабы? Мына ушул сыяктуу суроолор менен биз мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго кайрылсак деп турабыз.

- ШКУнун саммитинин Бишкекте өткөрүлүшүнүн мааниси чоң, анткени өзүңүз билгендей бул уюмдун геостратегиялык ролу улам күч алып атат. Мисалы АКШ, Япония, Евросоюздан бери кызыгуу көрсөтүшүүдө. Бирок Кыргызстан ушул саммитти өткөрүш үчүн мамлекеттин көзөмөлүндөгү имараттарды аукциондон сатып, керектүү 16 млн. долларды чогулта албай жатат. Бул иш чарага орток бюджеттен каражат бөлүнбөйбү, бөлүнсө ал кайда деген суроо туулат?

- Саммит өткөзөөрдүн астында ар бир конокторду тосуп аткан мамлекет өзү милдеттеме алат, өзүнүн ички бюджеттен каражаттарды бөлүп өзүбүздүн күчүбүз жетет деген. Былтыр Шахайда болгон саммите Кыргызстан ошондой милдеттеме алган. Ошон үчүн мен ойлойм, азыркы болуп аткан даярдыктар буюрса жакшы болот. Анткени бул жалгыз гана Кыргызстандын аброю эмес, бул жалпы уюмдун аброю. Ошондуктан башка мамлекеттер да жардам берип атат. Мисалы өзүңөр билесиңер, 50 млн. юанга жакын Кытай мамлекети имараттарды салсын деп атайын бөлүп берген. Ошол иштеп атат бүгүнкү күндө.

- 50 млн. юань канча миллион доллар болот?

- 8 миллион долларга чыгат. Менин оюмча бул чоң жардам.

- Ал эми 16 млн. демек Кыргызстандын үлүшү экен да. Мындан тышкары жалпы бюджети канча бул саммиттин?

- Жалпы бюджетин биз тактай элекпиз. Анткени финансы министрлиги ачык айта элек элге. Мен министрликтен кеткенден кийин буга аралашканга мүмкүнчүлүк жок. Ошон үчүн азырынча айтыш кыйын.

- Демек бул саммитти өткөрүүнүн финансылык жагында транспоренттүүлүк жетишсиз экен. ШКУга байланыштуу дагы бир суроо. Бул уюм акырындык менен согуштук саясий блокко айланып баратат. Муну байкоочулар да айтып атышат. Ал эми Бишкекте кечээ тышкы иштер министрлиги эмес коргонуу министрлеринин чогулганынын өзү дагы буга күбөө болуп турат деп ойлойм. Мына август айында өтө турган саммитте америкалык «Манас» аба базасы тууралу маселе көтөрүлгөнү жатат. Бул албетте Вашингтонго жага берген жок. Сиздин пикириңизде өлкө эки дөөнүн ортосундагы кара чымындын кейпин кийип калбайбы?

- Жок. Бул жерде согуштук саясий блокко айланып баратат деген бул туура эмес. Анткени кечээ дагы эң негизги ШКУга катышкан Россия менен Кытайдын коргоо министрлери дагы бир жолу тактап кетпедиби, бул уюм башка мамлекеттерге өзүнүн чабуулдук маселесин жасабайт, күч көрсөтпөйт деп дагы бир жолу айтып кетти. ШКУ уюшулганына 6 жылдан ашат. Коргоо министрлер жылга эле чогулуп учение өткөрөт эмеспи. Ушул маселени карап Россияда тынчтык миссия -2007 деген учение өткөрүлмөй болду. Мен ойлойм бул маселе жеке Кыргызстан эмес жалпы регион үчү абдан коопсуздук маселе боюнча абдан ролу чоң. Бул жерде албетте сиздер айткандай батыштык эксперттер ушундай баа берет. Мен буга кошула албайм. Экинчи жактан бул жерде өзүбүздүн ички саясат так болбогондуктан ар кандай пикирлер болуп атат. Эки чоң мамлекеттин ортосунда калбайбызбы деп. Ошол эле авиа база “Манас” бул жака уюшулуп атканда Кыргызстан менен ОДКБ мамлекеттеринин ортосунда консультация өткөн. Россия, башка мамлекеттер менен пикир алмашылган. Ал кезде 11-сентябрда Нью-Йорктогу терракттардан кийин дүйнө жүзүндөгү эң чоң мамлекеттер Ооганстанда болгон маселелерди чечиш керек деген бир пикирге келген. Ошондо Кыргыстандын жетекчилери, парламенти ратификация кылып, ошол документти коалициялык күчтөргө катышабыз деп ошонун негизинен пайда болгон. Канттагы болгон авиабаза бул ОДКБ катарында Кыргызстан да активдүү иштеп, ошол база пайда болгон. Негизинен менин оюмча Кыргызстан алакандай кичинекей мамлекет. Көп жерден терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик маселелери боюнча абдан уязвимый. Биздин күчтөрүбүз дагы буга жетпейт. Ошондуктан бардык күчтөрдү пайдаланууга туура келип атат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG