Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратура мурдагы алты мамлекеттик кызматкерге карата чыгарган чечимдерин кайрадан карап чыгууну өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Башкы прокуратуранын бул өтүнүчүнө карата Жогорку сот бүгүн жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын жарыш пикирин укту.
Жарыш сөздө жабырлануучулар Башкы прокуратуранын корутундусун негизинен колдой тургандыктарын билдиришти. Аксылыктардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков корутундуга 18-мартта болгон окуялар, ал күнкү курал колдонуу тууралуу кирбей калгандыгын белгиледи:
- Маакул, 17-мартта баш-аламандык болуп кетти дейли. Ал эми 18-мартта Кербенде элди кууп жүрүп, эмне үчүн атты? Эмне үчүн ал күн тууралуу эч бир сөз жок. Бул дагы жаңы ачылган жагдай болушу керек эле да. Генерал Садиев өзү ошол күнү көчөмө-көчө кыдырып, жүгүрүп жүргөн, эмне үчүн ал тууралуу бир ооз сөз жок. Полковник Кашкараев элдин артынан кууп, алдыңкы катарда жүргөн, эмне үчүн ал четте кала берген? Мына ушулардын баары жаңы ачылган жагдайлар болууга тийиш,
Айыпталуучу тарап болсо жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу негизсиз деген пикирин бир ооздон билдиришти. Алардын бири, Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев күчүнө кирген сот чечимин кайра бузуу мыйзамсыз дейт:
- Бул иш тууралуу сот, Жогорку сот чечимдерин чыгарган. Мыйзам боюнча бир эле жыл каралат апелляциялык арыз. Кайра дагы ишти козгоп, Башкы прокуратуранын жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп сот чечимдерин жокко чыгарып атканы – мыйзамсыз.
Тараптардын жарыш пикирин уккан соттук коллегия кеңешип, Аксы окуясы боюнча сот жоопкерчилигине тартылып, кайра акталган алты кишиге карата мурдагы чыгарылган сот чечимдерин жокко чыгарган чечим кабыл алгандыгын жарыя кылды. Соттук коллегиянын чечими менен төрага Акылбек Маткеримов . тааныштырды:
- Кудайбергенов Зоотбек, Токобаев Кубанычбек, Калбаев Абдымитал, Осмонов Шермамат, Ракишев Алик жана Кулуев Данияр тууралуу Ош гарнизондук аскер сотунун 2002-жылдын 28-декабрындагы, КР аскер сотунун 2003-жылдын 16-мартындагы өкүмдөрү, КР Жогорку сотунун жазык жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 9-апрелиндеги токтому жокко чыгарылсын. Алар жөнүндөгү жазык иш кайрадан тергөө жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилсин. КР Башкы прокуратурасынын корутундусу канааттандырылсын. Аныктама акыркы, даттанууга жатпайт.
Жогорку соттун чыгарган чечими айыпталуучулар тарабынан каршы алынды. Иш боюнча айыпталып жаткан Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов бүгүнкү чечим адилетсиз чыгарылды деп белгилеп, буга каршы жер-жерлерде нааразылык акциялар баштала тургандыгын билдирди:
- Бул чечим мыйзамсыз, акыйкатсыз, адилетсиз чыгарылды. Биздин дагы тарапкерлерибиз бүгүн беш облустун губернаторлоруна, акимдерге, мэрлерге билдирүү жиберишти. Анда эгерде Жогорку сот мыйзамсыз чечим чыгарса, биз дагы түрдүү нааразылык акцияларына чыгабыз деп билдирилген. Биздин да артыбызда эл бар, биз да аларды көтөрүп чыгууга аргасызбыз. Буга бизди бийлик түртүп атат.
Зоотбек Кудайбергеновдун сөзүн дагы бир айыпталуучу Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев кубаттап, соттор дагы деле бийликтен көз каранды болуп жатат деген оюн билдирди.
Жогорку соттун бүгүнкү чечими Аксылык жабырлануучулар тарабынан жылуу кабыл алынды. Бирок кээ бир жабырлануучулар бул бийликтин утурумдук көз боемочулугу болуп жүрбөсүн деген кооптонууларын жашырышкан жок. Жабырлануучулардын бири Гүлбара Ашырова бүгүнкү сот чечими ШОСтун алдында гана Аксылыктарды убактылуу тынчытып туруу болуусу мүмкүн деп эсептейт:
- Мен ишенгим келет, бирок бул бийликтен баарын күтсө болот. ШОСтун алдында гана жасалган нерсе болуусу да мүмкүн. Аксылыктарды сооротумуш болуп, соттун чечимин бузумуш болуп, эртең кайра таптакыр башка чечим кабыл алуусу мүмкүн. Булардан баарын күтсө болот,
0Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар: 2002-жылы 17-мартта “Тайфун” операциясын киргизүүгө байланыштуу Башкы прокуратура жаңы кайрадан кылмыш ишин козгогон. Учурда бул ишке байланыштуу президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловго, ички иштер министринин 1-орун басары Садырбек Дубанаевге, Жалалабат облустук ИИБнын ошол кездеги жетекчиси Кубанычбек Токобаевге жана Жалалабат облусунун мурунку губернатору Султан Урманаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ошондой эле мурда сот жоопкерчилигине тартылып, акталган алты кишиге байланыштуу кайрадан тергөө иштери жүргүзүлмөкчү.