Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ВЕНЕСУЭЛА ПРЕЗИДЕНТИ ОРУСИЯДА


Венесуэланын президенти Уго Чавес төрт күндүк иш сапары менен Орусияда жүрөт. Москвадагы бул жолку иш сапары учурунда да ал Орусиядан курал-жарак сатып алуу боюнча жаңы келишимдерге жетишүүнү көздөп жатышы мүмкүн.

Орусия менен Венесуэла акыркы жылдары аскерий –техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкка өзгөчө маани берип жүрөт. Уго Чавес буга чейин Орусияда акыркы ирээт былтыр июль айында болгон эле. Анда көлөмү 3 миллиард доллардан ашкан келишим түзүлүп, Венесуэла ушунча каражатка курал-жарак, атап айтканда аскерий учактар менен тик учактарды, Калашников автоматтарын сатып алды. Андыктан, Орусиянын аскердик өнөр –жайы Венесуэла президентинин бул жолку сапары учурунда жаңы контракттарды күтүп жаткандай. Бейшемби күнү Москвага келген соң президент Чавес буларды айтты:

- Биз бул жерге адаттагыдай эле биздин кызматашттыкка жана биримдикке терең ишенич, 21-кылымдагы, жаңы Орусияга чоң энтузиазм менен келдик.

Эки өлкө ортосунда курал –жарак соодасы былтыркы келишим өз кезегинде Кошмо Штаттардын кыжырдануусун жараткан болчу. АКШнын Орусия менен да Венесуэла менен да алакасы азыр начар абалда. Бирок Чавестин бул жолу Орусияга келиши орус президентинин АКШга визитине тушташ келип олтурат. Владимир Путин Кошмо Штаттада 1,2 – июлда болмокчу. Путиндин Жорж Буш менен белгиленген сүйлөшүүлөрү эки тараптын мамилелерин жумшартууга багытталган.

Орусия өз кезегинде Чавестин визитинен улам АКШнын кыжырдануусун минималдаштырууну көздөп жаткандай. Алгач Чавестин Орусия думасында сөз сүйлөөсү пландалган эле, бирок эми ага сөз берилбей турган болду.

Чавестин Орусиядагы визити Москвада Латын Американын маданий борборунун ачылышы менен башталды. Бул салтанат учурунда сүйлөгөн сөзүндө Чавес АКШны тиран катары айыптап, Орусияны Вашингтонго каршы глобалдык революцияда жасоодо жардамдашууга чакырды.

Чавестин орус президенти Путин менен өтүүчү сүйлөшүүлөрүндө болсо курал соодасынан тышкары энергетика маселелери да талкууланары күтүлүүдө.

Кабарларга караганда, мунайга бай бул эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Латын Американын сегиз өлкөсү менен өтүүчү мунай куурун жаткызуу пландары бар.

Орусия тарап ошондой эле Венесуэладан келерки жылы өзүндө газ экспортоочу өлкөлөрдүн форумун өткөрүүгө колдоо алууну көздөшү мүмкүн. Бул - мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму сындуу газ саткан өлкөлөрдүн картелин түзүүгө багытталган аракеттердин бири. 30-июнда Чавес жана Путин түштүктөгү Ростов –на-Дону шаарында ат оюндарына катышат. Венесуэла президенти андан ары башка өнөктөштөрү: Беларус менен Иранга бармакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG