Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

ТЫҢЧЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕН Ж.АРЫКОВАНЫН АТА-ЭНЕСИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КАЙРЫЛАТ


Жазгул Жамангулова, Чүй 19-июнда Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга мамлекеттик жашыруун сырды берип жаткан жеринен Жогорку Кеңештин кызматкери кармалган. Айрым депутаттар парламентте эч кандай мамлекеттик сыр жок экендигин, бул жерде иш ачык-айкын жүргүзүлөрүн айтып, журналисттин кармалышы анын укугун чектөөгө жатарын белгилешүүдө. ШКУнун Бишкектеги жыйыны өтөргө чукул тыңчылык талашынын чыгышы кыргыз-кытай мамилелерине таасири кандай болот?

Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азим Сулаймановдын маалымдашынча, Жыпаргүл Арыковага каршы козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары аягына чыга элек. Айыпталынып жаткан журналисттин ата-энеси, кызынын башкоргоо чарасын өзгөртүп берүү өтүнүчү менен парламентке кайрыла тургандыгы туурасында бүгүн маалым болду. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Ирсалиев, Жыпаргүл Арыкованын ата-энеси менин шайлоочуларым жана алардын үйбүлөсү Кочкордо болгон зилзалада өтө катуу жабыр тартышкан деп белгиледи. Бирок мен тергөө иштеринин бүтө электигине байланыштуу азырынча эч нерсе айта албайм деп кошумчалады депутат.

- Ата-энеси мага бүгүн эртең менен келишти. Жогорку кеңештин төрагасы Марат Султановго кайрылуу жолдогула деп мен да кеңеш бердим. Бирок мен да азырынча эч нерсе айта албайм.

Ал эми депутат Кабай Карабеков тынчылык чатагына байланыштуу коопсуздук кызматын сынга алган билдирүүсүн таратты. Анын айтымында Жогорку кеңеште жашыруун деле сыр жок.

- Жогорку кеңештин барды киши ачык, бизде жашыруун деле сыр жок. Ж.Арыкова журналист катары иштеп атат да. Ал эми журналистке түшкөн документ жашыруун деп эсептелбейт. Анын буга эч кандай тиешеси жок. Бул жерде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аны кармоого себеби жок. Бул он жети жылдын ичиндеги биринчи факт, анын журналист болушу да өтө кызык жаңылык.

Ал эми ШКУнун Бишкектеги жыйыны өтөргө чукул тыңчылык талашынын чыгышы кыргыз-кытай мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүнбү деген суроо менен айрым жарандарга да кайрылууну туура көрдүк. Алардын бири экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:

- Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге өтө чоң таасир берет деп айтпайм. Бирок көп талаштуу суроолор жаралышы мүмкүн. Бул жерде саясий оюндар болуп жатышы да толук ыктымал.

Мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаева болсо мындай дейт:

- Мындай окуялар өлкөнү өтө уятка калтырат. Ансызда эл аралык кадырыбыз түшүп турганда бул бизге жакшы нерсе алып келбейт. Жөн жерден эле мындай болуп жаткандыгы, нормалдуу адамдар үчүн өтө күлкүлүү да, танглыштуу да. Бул бүгүнкү бийликтин алысты көрө албагандыгы. Иштин көзүн билдбеген караңгылыгы.

Жыпаргүл Арыковага Кыргызстандык коопсуздук кызматы кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси боюнча "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып коюлууда. Ал тууралуу коопсуздук комитетинин кыскача билдирүүлөрү болбосо тергөө ишинин кандай жүрүп жатканынан коомчулук азырынча кабарсыз.

XS
SM
MD
LG