Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

АКШ АБА БАЗАСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ-ТАРТЫШ БҮТПӨЙ КЕЛЕТ


Кыргызстандагы «Аэронавигация» кызматы АКШ баштаган антитеррордук коалицияга мындан ары кызмат кылууну каалабай жатат. Мекеменин кесиптик кошууну АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ушундай мазмунда кат жолдоду. Катта кесиптик кошуун нааразылыгын көрсөтүлгөн кызматы үчүн ишкана акы ала албай жатканы менен негиздеди. АКШ элчилиги болсо бул арызды кароого үлгүрө электигин билдирди.

«Аэронавигация» кызматынын директорунун орун басары Улукбек Рахмановдун билдиргенине караганда, 2001-жылдан бери ишкана антитерррордук аскерий аба базага 22 млн. долларлык кызмат көрсөттү. Бирок, башкы макулдашууда кызмат акысыз көрсөтүлөт деп белгиленип калган. Ошондуктан, бул каражатты акча түрүндө өндүрө алышпайт, ага жараша жумушчулар базага техникалык жабдууларды жаңыртып берүү талабын коюп жатышат дейт Улукбек Рахманов:

- Диспетчерлер бир айлык мөөнөт беришиптир. Мүмкүн ошондон жыйынтык чыгарып, жардам бергенге алдыга кадам шилтейби деген мааниде кылышыптыр. Себеби, диспетчерлердин айлыгы аз. Эч жерде бекер иштеп берет деген нерсе жок да. Ошондон чыдамкайы толуп бүткөндүр. Кээ бирлери айлыгы аз деп Казакстанга, Росиияга кетип калып атышат. Биз каржы жок, айлыгын көтөрө албай жатабыз.

Ушундай талапты койгон билдирүүнү ишкана былтыр декабрь айында да тараткан. Улукбек Рахманов база жетекчилигинен алгылыктуу жооп ала албай келаткандыгын белгиледи:

- Көбүнчө бул жерде жайгашкан базанын жетекчилиги келет. Анан биздин жетекчилик менен сүйлөшүүлөр болгондо айтылат. Алардыкы тез-тез алмашып турат. Макул, көрөбүз, акүй жак менен акылдашабыз дейт. Анан ал кетет, башка жетекчи келет, ал дагы билбейт экемин, макул кайрылайын дейт. Ушуга окшогон иштер да…

«Аэронавигация» ишканасынын кесиптик кошууну жолдогон кат АКШ элчилигине жаңы эле келип түштү. Ошондуктан, элчилик бул катты кароого үлгүрө элек. Бул тууралуу бүгүн элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы, депутат Юрий Даниловдун көз карашында, ушул өңдүү маселелерди улаартпаш үчүн макулдашууну кайра карап чыгуу керек. Депутат мурдагы макулдашууда таң кала турган жагдайлар бар дейт:

- Билесизби, ал жерде кандай жазылган, мисалы, эгер, авиабаза өкмөттүн радиожыштыгы аркылуу чыкса, эч нерсе төлөбөйт, эгер, Кател, бител сыяктуу коммерциялык болуп калса, алар төлөшөт.

Акыркы мезгилдерде америкалык аскерий аба базага байланыштуу катталган киши өлтүрүү, аба учактарынын кагылышуусу өндүү фактылар менен кошо аэронавигация кызматы, жаратылышты коргоочулар козгоп жаткан маселелер күн тартибине байма-бай коюлуп келатат. Бул маселелерге таянган саясатчылар арасында базаны кетирүү талабын койгондор да болууда.

АКШга таандык аскерий аба базаны Кыргызстандан кетирүү кыймылы 7-июнда пикетке чыгаарын жарыялады. Кыймылдын төрагасы Александр Типеровдун айтымында, пикетте коюла турган талаптардын катарында америкалык аскер кызматчысынын атып өлтүрүлүшүнө, экологиялык чыгымдарга, аэронавигациялык кызматтын акысын төлөтүүгө байланышкан талаптар бар.

5-июнда Бишкекке келип кеткен АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс базага байланышкан маселелерди биргелешкен комиссия карап жатканын билдирди:

- Базанын жайгашуусу башка өлкөлөр менен макулдашылган нормаларга дал келет. Авиабазанын жайгашуусуна байланышкан бардык маселелерди биргелешкен комиссия чечүү аракетин кылып жатат.

Антитеррордук коалициянын базасына байланышкан макулдашууну кайра кароо Март окуясынан кийин көтөрүп чыккан азыркы кыргыз бийлигинин башкы демилгелеринин бири болгон. Бирок, былтыр көтөрүлгөн бул демилгеге байланышкан иш учурда кандай нукта жүрүп жатканы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG