Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

КЕНЕНБАНКПОРТ САММИТИ: ҮМҮТ ЧОҢ, ИШЕНИМ АЗ


Жекшемби күнү Кененбанкпортто Буштардын үй-бүлөлүк резиденциясында Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жорж Буштун эки күндүк жолугушуусу башталат. Бу саммит Вашингтон менен Москванын ортосунда соңку кездери курчуй түшкөн мамилелерди мурдагыдай дурус оролго чыгара алабы? Ушул суроонун тегерегинде Карнеги фондусунун Москвадагы борборунун директору Роза Готтемюллер, анын орунбасары Дмитрий Тренин жана ушул эле борбордун ядролук куралдарды жайылтпоо программасынын теңтөрагасы Алексей Арбатов ой бөлүштү.

Карнеги фондусунун Москвадагы борборунун эксперттери Кененбанкпорт саммитинен үмүт чоң экенин, бирок ишеним аз экенин айтышты. Академик Алексей Арбатов эки президенттин жолугушуусун коомчулуктун көңүлүн алганга эсептелинген гана иш чарадай баалады. “Менин шегимде, бу көп жагынан пиар өнөктүк болчудай. Бул айтканым чын чыкпаса, өтө ыраазы болот элем, балким, чын эле бирдеме чыгар, ушуга үмүт да бар, бирок ал акталарына ишенич аз”,- дейт ал.

Роза Готтемюллер жолугушуунун жыйынтыктары андай же мындай болот деп айтканга батынбайт, деген менен анын да илгери үмүтү,күмөн-күдүктөрү бар. “Менин түкшөмөлүмдө, болгону бу түкшөмөл – муну ырастаган эч кандай деле нерселер жок, ошентсе да менде жогорку деңгээлдеги бул жолугушууда биз күтпөгөн айрым нерселер болуп кетиши мүмкүнбү деген түпөйүл үмүт бар”,- дейт ал. Готтемюллер, мисалы, Москва тараптан Европадагы жөнөкөй куралдар келишимин туюктан чыгаруу, атүгүл STARTтан (стратегиялык куралдарды кыскартуу) кийин ядролук күчтөрдү андан ары кыскартуу тууралуу сунуштар болуп калышы мүмкүн деген айрым бир шобурт-шоораттар чыкканын айтат.

Алексей Арбатов Кененбанкпортто кокус Буш АКШнын Европага жайгаштырганы жаткан антиракеталык системасынын элементтери Россияга каршы багытталбай турганына Путинди ынанта алса,анда мунун баары олутсуз иш,оюн болуп каларын белгиледи. Бу жагынан Россия өзүнүн позициясын так билдирди, аны эксперттердин көбү колдоду. Ушунун баарынан соң Путин капыстан эле бул позициядан жанып,өз пикирин өзгөртүп жиберерине Арбатов ишенбейт.

Буларга кошумчалап Дмитрий Тренин россиялыктардын көбү Кененбанкпорттогу саммитти АКШнын чын ниети аныктала турган сынак катары карап жатканын эскертти. Эгер Буш Габаладагы радар системасын биргелешип пайдалануу сунушун четке какса, анда орустардын көбү муну АКШнын Европадагы ракетадан коргонуу пландары Россияга багытталганын далилдеген факт катары кабыл алары калетсиз, дейт Тренин.

XS
SM
MD
LG