Административдик-территориялдык реформа боюнча Алмазбек Атамбаев жетектеген комиссиянын 29-июнда өткөргөн жыйыны ушундай чечим кабыл алды. Ага ылайык облус жетекчилерине мамлекеттик саясатка көзөмөл жүргүзүү, коопсуздук менен күзөттү камсыздоо, облустун экономикасын өнүктүрүүгө аракеттенүү жана жарандардын укугун коргоо сыяктуу кызматтык укуктар калтырылды.
Жыйында айтылгандай административдик-территориялдык реформа этап-этап менен жүргүзүлмөкчү. Облустук деңгээлдеги административдик реформа 2007-2008-жылдары, райондук деңгээлде 2009-2010-жылы ишке ашырылат. Мында райондордун санын кыскартуу, аларды 40тан 25-27ге чейин азайтуу жана ошондой эле 472 айыл өкмөттөрүн 300-320га чейин кыскартуу каралган. 2010-2011-жылы жалпы башкаруу деңгээлин реформалоо болмокчу.
Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, чечим КР президентинин кароосуна жиберилет.