Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ТАЛАШ-ТАРТЫШТУУ КАМБАРАЛЫ КОНГАНТИЕВ, ПРЕЗИДЕНТТИН КАДРДЫК САЯСАТЫ


Президент Курманбек Бакиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Камбаралы Конгантиевди сунуш кылды. 29-июнь - Жогорку Кеңештин сессиясынын акыркы күнү болгондуктан депутаттар Конгантиевдин талапкерлигин караганга үлгүрбөй калышты. Камабаралы Конгантиев көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан саясатчы. Ал буга чейин башкы прокурор кызматынан Аксы окуясы боюнча ишти аягына чыгарбаганы үчүн кызматтан алынган эле. Ал эми премьер-министр А.Атамбаев Майлуусуудагы электр лампа заводундагы коррупцияга Конгантиевдин тиешеси бар деп ачык эле айткан болчу.

Беш адам окко учкан Аксы окуясынын аягы көрүнбөй туруп алгандыктан Аксылыктар кайра-кайра нааразычылыктарын билдирип, бир катар саясатчылар катуу талаптарын коюп атып Башкы прокурор болуп турган Камбаралы Конгантиев кызматынан алынган эле. 29-июнда президент Курманбек Бакиев анын талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына бекитип берүүсү үчүн Жогорку Кеңешке сунуштап, бирок маселе күзгө калды. Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар президенттин мындай кадамын кадрдык саясаттагы олуттуу катачылык, коррупциялык көрүнүштөрдүн дале күчүндө турушу катары баалап жатышат. Айрым саясатчылар күзүндө президент К.Конгантиевдин талапкерлигин күчтөп бекиттирип алса кайрадан толкундоолор башталышы мүмкүн экендигин болжоп жатышат. Жогорку Кеңешке анын талапкерлиги парламенттик жыйындын акыркы күнүндө келгендиктен, аны кароого депутаттар үлгүрүшкөн жок.

Учурунда Башкы прокуратурада Камбаралы Конгантиевдин маалымат катчысы болуп иштеген саясат таануучу Токтогул Какчекеев, мурдагы жетекчисинин БШКнын төрагалыгына көрсөтүлүп жатышын колдой турганын, анын өз ишин мыкты билген сейрек кадр экендигин айтты:

- Конгантиевдин баягыда Башкы прокурор болуп иштеп турган чакта ага иниси шаардык милицияны башкарса, агасы Башкы прокуратураны башкарат деп айыпташкан. Бул эмнеге жатат? Бул баш мыйзамды көзгө илбегендикке жатат. Мына Польшаны караңыз, бирөөсү президент бирөөсү премьер-министр болуп эки бир тууган деле иштеп жатпайбы. Мен президентке сунуш кылганына ыраазычылыгымды билдирип коюшум керек. Анткени, Конгантиев СССРдин убагында отуз эки жашында Баш прокурордун орун басары болуп иштеген.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев парламенттик жыйындардын биринде Майлуусуудагы электр лампа заводу коррупциялык жолдор менен сатылгандыгын, анын аркасында мурдагы Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин изи жатканын ачык айткан эле. Айрым саясатчылардын баамында бул өкмөт башчы менен президенттин ансыз да араң кармалып турган мамилесин дагы да курчутушу ыктымал. Белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов Конгантиевдей адамдын кайрадан чоң кызматты ээлеши кагылышууну жаратышы мүмкүн деген ойдо:

- Конгантиевдер канчалык ичип-жеп атканы элге белгилүү. Эми ушу кишини кайра Борбордук шайлоо комиссиясына алып баруу Кыргызстанга кагылышуу алып келе турган нерсе. Эми ошол кишини ошол жакка алып барат деген, бул өзү элдин кыжырын кайната турган нерсе. Мен угуп алып аябай жаман болдум, биз Кыргызстан коррупциянын бутагын кыя албайт экенбиз, ушунчалык төмөн түшөт экенбиз деп.

XS
SM
MD
LG