2-июлда Караколдо ырчы-куудулдардын “Ысыккөл-2007” шоу концерти болот. Бул иш-чара эс алуу сезонунун ачылышына арналып Чолпон-Атада өткөн концерттин уландысы деди “Куйручук” маданий борборунун жетекчиси Борончу Кудайбергенов.
2-3-июлда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Жолугушуу” аттуу спектаклдин бет ачаары болот. Бул спектакль эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин пьесасынын негизинде сахналаштырылган.
Бүгүн №7 музыкалык мектебинин алдында түзүлгөн “Жетиген” ансамбли Болгарияга жөнөп кетишти. Алар 3-июлдан16-июлга чейин Болгариянын Бургас шаарында да өтүүчү Европалык жаштардын фольклор фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бул туурасында аталган мектептин жетекчиси Айзада Маматаипова кабарлады.
6-июлда Бишкектеги “Сахна” көчмө театры Польшага жөнөп кетишет. Театрдын артистери эл аралык театр фестивалына катышып, Курманбек эпосунун негизинде сахналаштырылган “Керээз” спектаклин көрсөтүшөт. Бул фестивалга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн театр жамаатары, сынчылары, продюссерлер келишет. Андыктан башка мамлекеттерде өтө турган фестивалдарга чакыруу алып калышыбыз мүмкүн деди “Сахна” көчмө театрынын актрисасы Кенже Сатыбалдиева.
Айжан Шаботоева,Бишкек