Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

КЕННЕБАНКПОРТ САММИТИ БАШТАЛДЫ


Кечээ,жекшемби күнү, Россиянын президенти Владимир Путин Кеннебанкпортко келди. Путинди Портсмут шаарындагы аэропортто АКШ президентинин атасы Жорж Буш тосуп алды. Кечинде Буштардын үйүндө сый тамак уюштурулду. Эки президенттин сүйлөшүүлөрү бүгүн башталат.

Коңшулаш Портсмуттан Кеннебанкпортко Путин менен анын жубайын президенттин жеке тикучагында Жорж Буштардын улуусу коштоп барды.Буштардын үй-бүлөлүк резиденциясында Путинди президент Жорж Буш аялы Лора,апасы Барбара менен тосуп алды. Путин Барбара Бушка гүлдесте тартуулады. Андан соң коноктор Буштардын үй-бүлөлүк кечки дасторконунда отуруп,сый көрүштү.
Путин Кеннебанкпортко келген маалда Буштардын үйүнө жакын жерде миңге чукул адам чогулуп, Ирактагы согушка каршы нааразылык билдирип жатышты. Митингге чогулгандар президент Бушка импичмент жарыялоого жана Ирактагы согушту аяктоого чакырышты. “Азаттыктын” кабарчысы Юрий Жигалкин митингчилердин колунан “Буш-Ирактан,Путин - Чечнядан кет!”-деген ураандарды да көзү чалганын билдирди.
Кеннебанкпортко жөнөр алдында Путин жолугушуунун жакшы натыйжаларына ишенбегенде атайын ат арытып ал жакка бармак эместигин билдирди. Деген менен Москва да,Вашингтон да эки президенттин бейырасмий бу сүйлөшүүлөрүнөн кандайдыр бир чечимдерди күтүүнүн кажети жоктугун айтышты.
Буга байкоочулар да кошулат. Америкалык профессор Маршалл Голдман ортодо олуттуу пикир келишпестиктер бар экенин айтып, чоң деле нерсе күтпөй турганын, анткени эки лидердин жолугушуусу жакшы,жылуу маанайда болгон күндө да эки өлкөнүн ортосунда пайда болгон проблемалар эки күндө чечилип калбай турганын эскертти.
Буш менен Путин бүгүн бир катар маселелерди талкуулашат. Алардын арасында Косового,Иранга,Түндүк Кореяга жана Жакынкы Чыгышка байланышкан жагдайлар сүйлөшүүлөрдүн башкы темалары катары аталууда. Адам укуктары жана демократия чөйрөсүнө тийиштүү маселелер, ошондой чабуул коюучу стратегиялык куралдар жөнүндөгү келишимдин тагдыры кеп болот. АКШнын антиракеталык системасынын Европага жайгаштырылганы жаткан элементтери тууралуу маселе өзүнчө атайын талкууланат.

XS
SM
MD
LG