- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагылыгына Камбаралы Конгантиевдин талапкерлигинин сунушталышы бир топ кызуу талаш тартыштарды жаратып жатат. Эмне үчүн президенттин сунушу ушундай карама-каршы ойлорду жаратууда деп ойлойсуз. Мисалы, муну президент Курманбек Бакиев 2010-жылдагы шайлоого азыртадан камын көрүп жатат деп аткандар бар экен. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Мен бул жаңылыкты эки түрдө кабыл алдым. Биринчиден, албетте күтүүсүз болду. Себеби кечээ март айында эле Айчүрөк Эшимова Жогорку Кеңештин макулдугу менен бул кызматка бекибеди беле. Экинчиден, мындай иштер ачык айтканда Кыргызстанда көп деле таңкалыштуу болбой калды. Себеби тез-тез эле болуп аткан кадрдык алмашуулар баарыбызга дайын болуп калды. Себеби 15 жылда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы үч гана ирет алмашкан болсо, эки жылдын тегерегинде ушуну менен төртүнчү ирет алмашуу болуп атат.
Бир эле ушул тармакта эмес, башка тармактар да дээрлик ушундай мүнөздө болуп калды. Ал эми конкреттүү түрдө бул маселеге жооп айтсам, мен үчүн Камабаралы Конгантиевдин сунуш кылынып жатышы да, анан өзгөчө Айчүрөк Эшимованын эмне себептен кызматтан кетиши дагы бүдөмүк. Чындыгында биздин мыйзам, Конституция боюнча дагы коомчулук үчүн убагында Камбаралы Конгантиевдин эмне үчүн кеткендиги ачык болгон эмес. Бул ирет Айчүрөк Эшимованын дагы эмне себептен кеткендиги дагы түшүнүксүз болуп атат. Ушундай нерселер ачык-айкын болсо абдан туура болмок. 2010-жылга чейин убакыт көп эле бар го. Мындай тез алганын анча түшүнө албай, туура эмес деп кабыл алам.
- Негизи БШКнын төрагасы канча мөөнөткө шайланат, анан качан кызматынан бошотулат?
- Бизде БШК тууралу мыйзам бар. Анын негизинде төрага беш жылга шайланат. БШК төрагасын президент көрсөтүп, Жогорку Кеңеш колдосо, аны бекитет. Мүчөлөрүн дагы жарымын бөлүп алышпадыбы азыр. Демек, март айында дайындалган Айчүрөк Эшимованын мынчалык тез чагылгандай түшүп калышын, албетте, күтүүсүз иш катары кабыл алыш керек, же болбосо аны ачык-айкын элге айтыш керек болчу, мындай кетирген кемчиликтери үчүн алынды деп. Демек бул түшүнүксүз, ачык-айкын айтылбаган иш болуп атат.
- Эгер мыйзам боюнча 5 жылга дайындала турган болсо, анда кайсы учурларда ага чейин кызматтан бошотулушу мүмкүн. Азыр президент жаңы адамды сунушташы менен кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берди деген ойлорду пайда кылбайбы?
- Сиз суроо берип атканыңыздын жүйөсү бар. Абдан таңкалып турам эмне себеп болуп кетти ушундай чагылгандай тез алмаштырууга. Мен Айчүрөк Эшимованы дагы, Камбаралы Конгантиевди дагы ачык айтканда көптөн бери Совет кезинен бери билем. Айрыкча Айчүрөк Эшимова менен 90-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаты катары чогуу жүргөнбүз. Ишине так, тың жетекчилердин бири болчу. Ал эми Камбаралы Конгантиев болсо өткөндө дагы күтүүсүз жерден алынбады беле. Анда дагы убагында айтылган эмес эмне себептен алынгандыгы. Демек бул жолу президент, анын басма сөз кызматы эки окуяга тең ачык-айкын маалымат бербесе, эл арасында ар кандай күдүк сөздөр, имиш-имиштер боло берет.
- Абдыганы мырза, Жогорку Кеңеш бул маселени кароону күзгө калтырды. Күзгө чейин президент чечимин өзгөртүп башка талапкерди көрсөтүшү мүмкүнбү?
- Ал менимче Кыргызстандагы коомдук саясий абалга байланыштуу. Бизде ар нерсе боло бере турган болуп калбадыбы.
-
Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага