Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

ПАРЛАМЕНТ ЖЕГЕН НАНЫН АКТАП ЖАТАБЫ?


Жогорку Кеңеш спикери Марат Султанов бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында кыргыз парламенти бир жыл аралыгында үзүрлүү иштеп, 232 мыйзам кабыл алып, эл аралык кырктан ашуун макулдашууларды ратификациялаганын билдирди. Ал эми коомчулукта парламенттин ишине алымсынбагандар да бар. Алардын бири “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев парламентттин ишин канааттандырарлык эмес деп, аны таркатуу оюнан кайта элек.

Парламент төрагасы Марат Султановдун айтымында, өткөн жылдын сентябрынан бери Жогорку Кеңеште 121 отурум өткөрүлүп, эки ирет Конституциянын жаңы редакциясы, жарандык укук, экономикалык, агроөнөр жайы жана башка багыттагы бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынып, алтымыштан ашуун парламент жана эл аралык кызматташтык жолугушуулар өткөрүлгөн. Ал ошондой премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеген топ иштеп чыккан Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна Конституциялык сот бүтүм чыгара электигин билдирди.

-Конституциялык топко Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жибердик. Июнь айына чейин Конституциялык сот жыйынтыгын чыгарган жок. Демек парламентте аны кароого мүмкүнчүлүк болгон жок. Эгерде Конституциялык сот бүтүмүн тез аранын ичинде чыгарып берсе, биз Жогорку Кеңештин отурумнда кезексиз карап берелик дедик. Эми акыркы убакыт 4-октябрь. Мен ойлоп атам бул маселени сентябрда карайбызбы деп.

Ал эми өткөн жылдагы экс-спикер Өмүрбек Текебаевге байланыштуу «Матрешка-гейт» маселеси тууралуу Марат Султанов буларга токтолду.

«Матрешка-гейт» боюнча Жаныш Бакиев Жогорку Кеңеш туура эмес чечим кабыл алган деп сотко кайрылган. Биринчи жана экинчи инстанция анын пайдасына чечим чыгарып берген. Азыр биз бул маселе боюнча туура же туура эмес деп Жогорку сотто соттошуп жатабыз. Жогорку сот кандай чечим чыгарат аны убагында көрөбүз. Ошон үчүн «Матрешка-гейт» боюнча иш токтой элек, ал жүрүп жатат.

Султанов жакында эле коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынган парламенттин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыковага байланыштуу да суроолорго жооп берди.

Ал ишти тиешелүү бөлүмдөргө тапшырганын, эгерде ага карата сот иши башталса, адвокат жалдоого жардам берерин билдирди. Анын айтымында, коопсуздук кызматы тарабынан парламент кызматкеринин жана кытай атуулунун «тыңчы» делип кармалышына Кытай элчиси таң калган.

Султанов ошондой эле өткөн жылы Жогорку Кеңештин кабылдамасына кырк эки миңден ашуун жарандар ар кандай маселелер менен кайрылганын белгиледи.

Ал эми коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттары элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюшат деген пикирлер айтылып келүүдө. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин көз карашында мындай парламент Кыргызстанга пайдадан зыянды көп алып келип жатат.

-Бул парламенттин бир жылдык иши канааттандырарлык эмес деп баа берет элем. Начар иштеп жатат. Мына ушул парламент республиканын бюджетин кечиктирип кабыл алганы аз келгенсип, коррупцияга каршы, террорчулуктун каржы булактарына каршы 2005-жылдын сентябрында киргизилген мыйзам долбоорун эки жолу карап туруп кабыл албай коюшкан. Себеби дегенде бул парламенттин ичинде Аскар Акаевдин заманында чириген бай болгон олигархтар отурат. Алар бул мыйзамга каршы. Андан башка, Кыргызстандын саясий тынчтыгын бузуп аткандардын көпчүлүгү мына ушул парламентте отурушат.

Топчубек Тургуналиев «Эркиндик» партиясы жакынкы айларда парламентти таркатуу боюнча демилгени кайрадан көтөрүп чыгып, референдум аркылуу Жогорку Кеңешти таркатуу керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG