Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

БУШ ЖАЛГАН АЙТКАН ЧИНОВНИКТИ ЖАЗАДАН КУТКАЗДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш вице-президент Дик Чейнинин жардамчысы Левис Либбини түрмөгө отуруу милдетинен бошотту. Анын бул чечими боюнча 30 айга эркинен ажыратууга кесилген Левис Либби эми сот талап кылган акчалай сумманы төлөп берип, кутулмакчы болуп жатат.

Президент Жорж Буштун чечими Чейнинин жардамчысы Левис Либбиге кечирим кылууга жe мунапыс жарыялоого жатпайт. Бирок ал түрмө жазасынан кутулуп, сот талап эткен 250 миң доллар айып пул төлөп берет.

Буштун бул чечими Ирак согушуна байланыштуу ансыз да экиге жиктелип турган америкалык саясатчыларды мурдагыдан да каршылаштырды. Буштун оппонеттери бул чечимди мыйзамдын башынан аттоо катары баалап жатышат.

Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нанси Пелози "Америкалыктардын ишениминен кара өзгөй пайдалануу" катары сыпаттады. Ал эми президенттикке талапкер Сенатор Хиллари Клинтон мыйзамдын башынан аттаган администрация үчүн бул өлкөдө урматтоого татыктуу ыйык нерсе калган, жок деп сындады.

-Эгерде мен президент болсом, биз конституцияны урматтоого, мыйзам бийлигине кайтабыз. Биз америкалыктардын эң мыкты асыл-нарктарын бүткүл дүйнөгө көрсөтөбүз,- деди Хиллари Клинтон.

Бирок президенттин таракерлери Буш бул чечими менен элге чын дили менен кызмат кылган чиновникти коргоп, өз парзын аткарды, деп жатышат.

Джордж Вашингтон университетинин укук таануу профессору Жонатан Төрли Буштун чечимин жактырбай турганын жашырбастан буларды айтты:

Президент баарыдан мурда мыйзамга, сотко, аппеляциялык сотко сөз бере турганын айтат деле, булардын баары өз пикирин айтып, чечим кабыл алган соң, анын баарын жокко чыгарып койуп отурат,- деп нааразы болду ал.

Бирок президенттин тарапкерлери Буш бул чечими менен элге чын дили менен кызмат кылган чиновникти коргоп, өз парзын аткарды, деп жатышат.

Мындай кызуу дискуссияларга тамызгы болгон чечимдин төркүнү вице-президент Чейнинин жардамчысы, АКШнын Ирак саясатынын архитекторлорунун бири Левис Либбинин чиновникке жарашпаган жүрүм- туруму менен байланыштуу. 2005- жылы Чейнинин администрациясын башкарган Левис Билли ФБРдин жашыруун агентинин бети ачылып калганына байланыштуу суракка алынып, анда тергөөчөлөргө калп айткан деп айыпталган.

Белгилей кетели, Левиске окуяны иликтөө учурунда калп айтып, жалган көрөстмө берген деген айып тагылып, ал 33 айга эркинен ажыратууга кесилген. Ал эми Валери Плеймдин ФБРдин агенти экенин анын өзүнүн эле күйөөсү, ошол кезде АКШнын Африка өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштеген Жозеф Вильсондун АКШнын Ирактагы согушун айыптап, ан үчүн АКШ Ирактын жашыруун куралдары жөнүндөгү жалган маалыматты пайдаланууда деген сөзү ашкерелеген. Анын бул сын сөзүнөн анын жубайы ФБРдин жашыруун агенти экени айгине болуп калган.

XS
SM
MD
LG