Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

ПУТИН ӨЗ ПИКИРИН ӨЗГӨРТКӨН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Россиянын маалымат каражаттары менен саясий комментаторлору президенттер Буш менен Путиндин Америкада өткөн бейформал саммитине оң баа берип жатышат. Бир нече айдан бери антиамерикалык маанайдан жазбай келаткан орус телеси бул жолу кычыктуу сөздөрдөн алыс болуп, эки президенттин жай баракат балык уулаганын, тамашала сүйлөшүп жатканын көрсөтүп жатты. Россияда Америкадагы бейформал саммит кандайча кабыл алынды?

Акыркы убакта Америка маселесине келегенде куйкум комментарийлерге толгон орус гезиттеринде бул жолку саммит жакшы санаалаш достордун бейкапар жолугушуусу сыңары чагылдырылып жатты. "Новые Известия" гезити Путин менен Буштун жолугушуусун, ал тургай, туугандардын жүз көрүшүүсү менен салыштырып, Буштардын үйбүлөсү Путинди өз баласындай тосуп алды, деп жазды.

Карнеги Корунун Москвадагы кеңсесинин серепчиси Маша Липман эки президенттин прессконференциядагы тамашакөй сөдөрүнө шилтеме кылып, президент Путин антиракеталык системалар маселесинде ачык дискуссия жүргүзө алгандыгын жана өз тарабынан жаңы сунуш киргизгендигин айтты.

-Бул саммитин эки ортодогу келишпестиктерди жойууда натыйжалуу болооруна эч ким ишенген эмес. Бирок Путин антиракеталык системаны орнотуу маселесинде жаңы сунуш киргизди. Мен бул сунуштун мурдагы сунуштан реалдуураак боло турганына ишене бербейм, бирок баары бир Путин кризисти жөнгө салуунун жолун ойлонуп жатканын даана каңкуулады ,- дейт Маша Липман.

Херитэж Фаундэйшен корунун Москвадагы кеңсесинин башчысы Евгений Волк Путиндин сунушуна этият мамиле кылуу керек деген пикирде. -Менимче, Путин бул жолу да "феерверк дипломатиясына" кайрылып, АКШны канааттандырбаган бирок коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган жаңы демилге көтөрүп, жалпыны бир аз алагды кылгысы келди. Жарпын жаза күлүп, жылмайганы менен Путин өз пикиринен кайткан жок,- деп эскертет серепчи.

Евгений Волк бул айткандарын саммиттин майда-чүйдөсүнөн бери чагылдырган орус прессасынын көңүлүн бүгүн башка тема ээлеп калгандыгын, орусиялыктар азыр Эл aралык олимпиада комитетинин 2014-жылкы кышкы олимпиада жөнүндөгү чечимин чоң үмүт менен күтүп калышканы менен бекемдейт. Россия азыр олимпиада өткөрүү үчүн Кара Деңиздеги Сочи курортунун тандалып калуусунан үмүт кылып турат, дейт ал.

Россия менен АКШнын ортосундагы дагы бир чоң келишпестик - бул Косово маселеси. Россия Косового эгемендик берген резолюция долборуна караманча каршы жана АКШы иштеп чыккан бул долборго вето койо турганын эскертти. Россиялык аналитик Андрей Пиантковский борбор менен провинциянын карама-каршылыгынан чыккан жаңжалдуу маселелердин саны дүйнө жүзү боюнча жүзгө чамалап калганын, аларды чечүүдө универсалдуу формула жок экенин белгилейт. Косово Россияда антиамерикалык истерияны алоолотуу үчүн өтө ыңтайлуу, ошон үчүн Москва аны Вашингтон экөөнүн ортосундагы талаш алма кылып алды, дейт ал.

XS
SM
MD
LG