Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

АЙЫЛЧЫ САРЫБАЕВ: “ЭНЕРГЕТИКАНЫ САТУУ – ӨЗ ЭЛИНЕ КЫЛМЫШ КЫЛУУ МЕНЕН БАРАБАР”


Каникулга тараар алдында Жогорку Кеңеш “Түндүк электро” акционердик коомун менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттин бул кадамга баруусуна кыргыз бийлигинин гана коррупцияга малынганы эмес, эл аралык коррупциялык мафия системасы аралашкан аракеттер түрткү болгон деп эсептейт экономист Айылчы Сарыбаев. Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде энергетика тармагын менчикке берүүнүн өзү элге каршы кылмыш кылуу менен барабар, деген оюн билдирди.

-Айылчы мырза, өткөн жума күнү Жогорку Кеңеш “Түндүк электро” АК менчиктештирүүгө берүү боюнча токтом кабыл алды. Адис катары айтсаңыз, өлкөдөгү энергетиканын ири ишканасы “Түндүк электро” АК менчикке берүүдөн Кыргызстан утабы же уттурабы?

- Бул маселе тууралуу көп жылдардан бери талашып-тартышып келе жатабыз. Азыркы эле мамлекет башчылары мурдараак энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болчу. Депутаттар дагы. Мындан өкмөттүн принципиалдуу эместиги, ал эми депутаттардын мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогондугу көрүнүп турат. Эмне десе эле, мамлекеттик менеджмент жаман, башкаруучулар начар деп чыга калышат. Алар деген президенттин өзү, премьер-министр, ошолор ишенип койгон адам. Башкара албаган кишини таап койгон соң, өздөрү да мамлекет башкара албайт.

Бул жерде жалаң эле мамлекеттин өзүндөгү коррупциялык система эмес, биздин билишибиз боюнча эл аралык мафиялык коррупциялык система аралашкан. Электр энергиясын менчикке берүү – Кыргызстандын келечегине, келечектеги социалдык абалына өтө терс таасирин тийгизе турган көрүнүш. Мунун бир аргументи: жаңыдан көз карандысыз болгон учурда ошол кездеги жетекчилердин бири Апас Жумагулов баш болуп, Чүй аймагын, андан кийин Кыргызстанды толугу менен электрификацияга өткөрөбүз, анан ошонун негизинде биз экономиканы өнүктүрөбүз деп айткан. Эми ошол идея, ошол айтылган концепция таш капканы турат.

Концессияга берүү менен экономикабыз укмуш өнүгөт, ТЭЦ күпүлдөп жакшы иштеп калат деген ойдон алыс болууга тийишпиз. Себеби: электр энергиясы – биздин экономикабыздын кыраркасы. Аны менчиктештирүүдө жеке кызыкчылык жогору болуп, мамлекеттик кызыкчылык артта калган болсо, анда сөзсүз түрдө биздин эл жабыркайт. Мен айтар элем: бул элге каршы саясат. Мындай чечим кабыл алган адамдарды күнөөкөр катары кылмыш жообуна тартса болот.

-Сиздин айтканыңыздын да жүйөөсү бар. Энергетика тармагы менчикке берилсе, эң алды менен анын баасы кымбаттайт. Мындан албетте карапайым эл жабыркайт деген тынчсыздануулар айтылып келген. Жогорку Кеңештин энергетика, отун, суу ресурстары боюнча комитети баа кымбаттабай тургандыгын айтууда. Буга ким кепилдик бере алат?

-Депутаттар депутат боло электе электр энергиясын менчиктештирүүгө каршы болуп, мындай сөздөрдү далай ирет айтышкан. Ар кандай убадаларды беришкен. Комитеттин жетекчиси Ташиевдин айткан сөзү эч качан биз үчүн кепил боло албайт. Өзгөчө азыркы борборлошкон коррупциялык мамлекеттик башкаруу системасынын учурунда баага көзөмөл кылган бир да орган, бир да киши жок. Менчикке алган соң, ээси каалаган баасын коет, аны эч ким көзөмөлдөй албайт. Көзөмөл кылса “мына биз эркин базар шартында иштеп атабыз, мынча зыян тарттык” деп, зыянды эки-үч эсе көтөрүп коет да, эки-үч эсе кымбат сатып, байый беришет.

Эң негизгиси – карапайым эл бүгүнкү арзан кезинде электр энергиясына төлөй албай, карыз болуп, кесип атат. Эгер кымбаттаса электр энергиясыз отурган үй-бүлөлөрдүн саны дагы көбөйөт. Бюджеттик мекемелер: мектеп, оорукана, бала бакчаларда мына ушул баага байланыштуу көп учурда электр энергиясыз отуруп калышат. Демек, бул да күчөйт.

Эмне үчүн энергетика тармагын менчикке берүүгө жанталашып атышат? Анткени электр энергиясын менчикке алган киши өмүр бою, түбөлүк, укум-тукумуна чейин бай болот. Себеби: электр энергиясы – түбөлүк, түгөнбөгөн байлык. Биздин тоолордон түшкөн суудан пайда болгон электр энергиясынын арты менен миллион, миллиарддаган кирешелерди алып, жашай берет деген сөз. Бул жерде дээрлик жүз пайыз мамлекеттик кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылык жатат.

-“Түндүк электронун” мамлекетке болгон карызы 3,5 миллиард сом деп атышат. Мүмкүн ушул чыгымды азайтуунун бир жолу табылар?

- Ал карызды жоюу опоңой эле. Эгер биздин мыйзамдар жакшы иштесе, ошо жерде кылган күнөөсү үчүн ар ким тиешелүү жазасын алса, 3,5 миллиард сом ордуна оңой эле келет. Эмне үчүн жеке менчикке алган киши жакшы башкарат да, а мамлекет койгон киши жаман башкарат? Мен буга чейин да айтып келгем: Ош облусунун азыркы губернатору Жантөрө Сатыбалдиев ушул “Түндүк электро” ишканасын башкарып турган кезде чыгымды дээрлик эсе азайтып, 50 млн сомдон ашык пайдасы менен өткөрүп берген. Эгер ал дагы эки-үч жыл иштесе, азыркы 62 тыйындын ордуна балким биз 22 тыйындан төлөмөкпүз. Мына ушуга окшогон, мамлекеттик кызыкчылыкты жогору койгон, таланттуу адамдарды апкелип койсо, 3,5 миллиард сомду ордуна тез эле апкелип коет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG