- Сиз депутат Марат Жураевдин көчө акцияларына тыюу салуу жөнүндө көрүп аткан аракеттерин кандай баалайсыз. Эмне үчүн анын демилгеси парламентте колдоо таппай калды деп ойлойсуз?
- Чынын айтканда бул парламенттин дайыма ушундай өзгөчөлүгү болуп атат. Ошондуктан депутат Жураевдин сунуштарынын терс кабыл алынып, анын сөздөрү элдерди таңкалдыргандай болуп атат.
- Бирок депутаттардын бири Исхак Масалиев айтып атпайбы, бул антидемократиялык болсо боло берсин, бизде демократия андан бетер көбөйүп кетти деп. Балким жөнөкөй элдер эмес эл өкүлдөрү демократиянын түшүнүгүн туура билбей жатышат. Кандай деп ойлойсуз?
- Демократия көп болуп кетти деген сөз чынын айтканда ушул демократиянын негизги түшүнүгүн, маңызын жана анын сапаттарын жакшы түшүнө албай атканыбыздан болуп жатат. Анткени аны түшүнбөстүккө дагы себептер бар. Ал себептердин бири бул өзүм билемчилик, саясий маданияттын тайкылыгы, кемчилиги. Керек болсо парламентте отурган адамдардын баары тең чоң соодагерлер болот. Ошондуктан өзүм билемчилик, мыйзамды буруучулук жана мыйзамдан тышкары мамиле түзүп жана аны иштеткенге аракет кылуу бул демократияга жатпайт.
Ошондуктан демократия бул эркиндиктин, эгемендиктин куралы деп айтсак да болот, дини деп айтсак да болот. Бирок динди элдин баары тең эле тең кармай албайт. Анткени анын талабы күчтүү. Эң эле башында турган бул ишеним менен тазалык. Ошондуктан ушундай учурлар болгондо депутаттар кандайдыр бир өзүлөрүнүн позицияларынан тайсалдап турат.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин демократияны мактап келатып, кийинки маалда көп убакытта ошону жакшы талдап, Европанын, же Азиянын, же Кыргызстандын демократиялык принциптерин жана анын традицияларын айырмалашып, жакшы жагын алып, жаман жагын көңүлгө албай туруучу жолго бара элекпиз.
- Токтогул мырза, соңку бир жылда Кыргызстандын саясий турмушунда чоң окуялар болду, Конституциялык реформаны алабызбы, Камбарата ГЭСтери боюнча маселениби, кайсы окуяларды албаңыз ошолордо парламенттин ролу чоң болду окшойт. Сиздин пикириңизде Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде кандай маанилүү маселелерди чече алды жана чече албай калды?
- Чече алган иштерин айтып отуруш- бул өзүбүздү өзүбүз макташ керек болуп калат.
- Мактай тургандай иштер болдубу?
- Мактай турган деле иш болгон жок. Тескерисинче биз эски жолдон чыкпай, андан тышкары кандайдыр бир бизди айран таңкалдырган көрүнүштөр болду. Мына сизге айта кетейин, “Mатрешка гейт”, Березовскийдин келип кеткендиги жана алтын боюнча талкуу, эки Конституцияны кабыл алуу, саясий тандемди колдобой аны талкалоо, президенттин катышуусу менен Камбарата-1-2ни сатуу, “Чыгышэлектрону” бөлөк компанияларга берүүгө жол ачуу, президенттин ветолорун жокко чыгаруу болду. Ганси аваиабазасы боюнча талкуу болуп, президенттин ТУ-154 самолетунун авария болгону жөнүндө болду, өкүм жазасын жокко чыгаруу, шпиондук окуялар болду. Коргоо министрлигин Жогорку Кеңештин имаратынан чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин чөгөлөтүш болду. Жетишкендикке ээ болгон депутаттарды саясий жана маданият деңгээлдерин карасак, Текебаев, Султанов, Келдибековдор элдин көзүнчө парламентте акаарат айтышкан көрүнүштөр болду.
- Маегиңизге ырахмат.