Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

5-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1825-жылдын бу күнү Омск гарнизондук полктун дарыгери Ф. К. Зибберштейн Семипалатинск чебинен чыгып кыргыз жергесин карай бет алган. 1943-жылдын бу күнү Курск областындагы Согласный кыштагы үчүн салгылашта кыргызстандык Ванахун Мансуз баатырларча курман болгон.

Омск гарнизондук полктун дарыгери Ф. К. Зибберштейн 1825-жылдын бу күнү Семипалатинск чебинен чыгып кыргыз жергесин карай бет алган. Дарыгер кесибинен тышкаары кыргыздар туурасында баалуу маалымат топтоп, анын байкоолору кийин «Путевые замечания» аттуу баалуу чыгармага айланган. Ф. К. Зибберштейндин кыргыздарга жасаган сапары Кытай багытындагы соода жолун чалгындоо жана кыргыздардын саясий абалын иликтөө, алардын жоокерчилик дараметин аныктоого арналган.

Түркстан генерал-губернатору 1908-жылдын 5-июлунда орус Аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Кепилдик катта Шабдан баатырдын империяга өтөгөн кызматы, сиңирген эмгеги тизмектелип, ага Сарыбагыш волостунан сугат жана кайрак жер бөлүп берүү максатка ылайыктуулугу көрсөтүлөт. Түркстан генерал-губернатору бу иштин өтөөсүнө чыгыш үчүн Аскер министрдигине орус императорунан кепилдик алуу маселесин койгон.

Борбор шаардын Каражыгач багында Комсомол көлүнүн курулуш иши 1939-жылдын бу күндөрү башталган. Жасалма көлмөнү Базар суусунун нугуна курушуп, мында орун алган бакчаларды бузбаш үчүн адегенде, тосмо курулуп, анан кийин калган иштер бүткөрүлгөн. Балыкчылар болсо, көлмөгө маринка жана форель балыктарын коё беришкен.
Курск областындагы Согласный кыштагы үчүн 1943-жылдын бу күнү жүргөн салгылашта кыргызстандык Ванахун Мансуз баатырларча курман болгон. Ванахун Мансуз 1907-жылы Пишпек шаарында жарык дүйнөгө келип, Улуу ата мекендик согушта минемётчулар расчётун жетектеген. Аталган кыштак үчүн согушта ал жалгыз калганча кармашып, курчап келген фашисттерди акыркы минаны жардырып өлтүргөн. Кийин ал көрсөткөн эрдик Советтер Союзунун баатырдык наамы менен бааланган.
Бу күнү, 1937-жылы акын Кудайберген Жуманазаров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG