Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

«АГЫМ» СОТТУК ДОО-АРЫЗДАРДЫН ТӨӨБАСТЫСЫНДА КАЛДЫ


19-июндан бери Бишкектин Ленин райондук соту “Агым” гезитине каршы берилген аксылыктардын доо-арызын кароону улантууда. 4-июлда сот күбөлөрдү сурап, ишти териштирүүнү 12-июлга жылдырды. Маалымат катары айта кетчү сөз, ушу тапта гезитке каршы берилген соттук доо-арыздардын саны отуздан ашты.

«Аксы» бириккен кыймылынын «Агымдын» 17-апрелдеги санында жарыяланган «Он күн убакыт беребиз!» кайрылуусунун айланасындагы талашка укуктук кандай баа берилери азырынча белгисиз. Мындан беш жыл илгери Аксы алааматынан жабыркаган Гүлбара Ашырова «Агым» гезитин колдоо үчүн сотко келген.

- Ушу «Агымды» колдогону келдик. «Аксы» бириккен кыймылы бар. Анын мүчөлөрү биз, ушу сотко катышып кетели деген ой менен келгенбиз.

Анын айтуусунда, гезиттен 25 миллион сом өндүрүп алуу талабы туура эмес. «Аксы» бириккен кыймылынын теңтөрагасы Нурлан Добулбеков кайрылууга жалгыз эле аксылыктар эмес, жалпы кыргызстандык атуулдар кол коюшканын ырастады.

- Доогерлер аксылыктар эмес деп доо коюп жатышат. Эгер мен, кечирип коесуздар, Аксыда төрөлсөм, аксылыкмын деп өзүмдү эсептеп жүрсөм, анан Кыргызстандын чыныгы атуулдарынын катарында болсом, эмне үчүн мен өзүмү аксылыкмын деп айтканга акым да, укугум да жок?!

«Агым» гезитинин кызыкчылыгын сотто коргогон «Медиаөкүлчүлүк» институтунун директору Илим Карыпбеков талаштуу иш саясатташып кетти, кайрылууда Аксы элинин беделине шек келтирчү бир да сөз жок, дейт.

- Бул болсо саясий иш-аракеттер да. Эч бир жерде ошол кайрылууда Аксы элинин же болбосо өзүнчө Аксы элинин өкүлүнүн кадырына, намысына шек келтирчү бир да сөз жок.

И.Карыпбековдун маалымдашынча, «Агым» гезитине каршы берилген соттук доо-арыздардын саны отуздан ашып кетти.

- Ошонун ичинде канааттандырылган доо-арыздар да бар. 300 миңге чейин канааттандырылган соттук доо-арыздар бар. Тилекке каршы, гезит жабылып калышы мүмкүн.

Сотко доо-арыз менен кайрылып жаткан Кубанычбек Маматкеримов кайрылууда аттары аталган 5 адамдын Аксыга эч кандай тиешеси жоктугун ырастап, доо-арыз жазуунун жөн-жайын момундайча түшүндүрдү.

- Аксылыктар тууралуу материалды коомчулукка таркатышкан. Биз бул материалды жалган жалаа деп эсептейбиз. Ошол материалда жазылган сөздөр аксылыктардын аброюна шек келтирди деп эсептейбиз. Ошон үчүн биз «Агым» гезитин 25 миллион сомго сотко бердик.

Адвокат Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда, кыймыл жалпы республикалык деңгээлде түзүлсө ага жалгыз Аксынын гана проблемасын көтөрүп, бир аймактын атынан кайрылуу жасашка акысы жок болчу.

- Бул жерде Аксы элине эле тиешелүүдөй болуп калган. А негизи Аксы элинин тургундары эмес. Митингге 1200 адамды жиберди, чогулушту, катышты, деп берип жатышат. Анчалык сандагы адамдар жок.

«Агым» гезитинин кабарчысы Жылдыз Мусабекова басылманын соттук доо-арыздардын төөбастысында калышы азыркы бийликтин аракетинен улам болууда деген пикирде.

- Сотко бергендерди карасаңыз бийликчил депутаттар болуп жатат. Бийликтин көзүн караган адамдар. Кээ биринин сотко жазган доо-арызын окусаңыз күлкүңүз келет. Эч кандай негиз жок. Жөндөн-жөн эле «Агымды» сотко берип аны жаап, «атың чыкпаса жер өрттө» дегендей кылабыз деп жатышат. Азырынча ага өтө кайгырган деле, өтө кейиген деле жокпуз. Бул бийликтин каалаган кадамы.

А.Акаевдин бийлиги тушунда «Асаба» сот чечими менен банкротко кабылып, болгон дүйнө-мүлкү Т.Усубалиевдин пайдасына чечилип кеткен болчу. Мындан беш жыл илгерки гезит менен бийликтин ортосундагы жосун дагы кайталанып калыш коркунучу ушу тапта басылманын босогосунда дагы турат.
XS
SM
MD
LG