Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

КЫШКЫ ОЛИМПИАДА КАЙ ЖЕРДЕ ӨТӨТ?


Баян Жумакадыр кызы Эртең Бишкек убактысы боюнча таңкы саат беште Гватемалада Эл аралык олимпиада комитети 2014- жылкы кышкы олимпиаданын кай жерде өткөрүлө турганын жарыялайт. Финалдык конкурска Россиянын Сочи курорттук шаары, Австриянын Зальцбург шаары менен Түштүк Кореянын Пхөнджан шаары чыгышты. Сочи шаарынын талапкерлигин жактоо жана колдоо максаты менен Сочиде президенти Путиндин өзү да жүрөт.

Кара деңиздеги Сочи курорту советтик убакта эле элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон эс алуу жайы болучу. Курортто жайдыр - кыштыр эс алуучулар көп болуп, алардын арасында элге таанымал жазуучулар, өнөр адамдары, эмгек ардагерлерин жана Советтер Союзунун ар кайсы республикаларынан келген эс алуучуларды көрүүгө болот эле. Акыркы жылдарда шаардын популярдуулугу ого бетер артты, анда сандаган жаңы имараттар жана мейманканалар курулуп, кафе-ресторандар, көңүл ачуучу жайлар жана дүр-дүнүйө саткан бутиктер менен ири соода борборлору пайда болду.

- Азыр бул жерде шаарды реконструкциялоо боюнча чоң программа ишке ашырылып жатат. Арийне, Москвадагы курулуш иштеринин көлөмүнө тең келе албайбыз, бирок бул жердеги реконструция да абдан чоң. Акыркы жылдардын ичинде шаар өзгөрүп, азыр анын бейнеси таптакыр башкача. Тартип менен тазалык жакшырды ,- дейт кабарчыбыз Родин.

Шаарды кайра куруу иштерине Кремль жакында эле 11 миллиард доллар каражат бөлдү, бул акча Сочинин жана андан алыс эмес жерде жайгашкан Красная Поляна деген Чаңгы курортун реконструкциялоого жумшалмакчы.

Бирок маселе көптөгөн олимпиада обьектилери кагаз жүзүндө гана бар болгонунда жатат. Сочи илгертен эле чаңгы курорту эмес, деңизде эс алуу курорту болучу. Эгерде олимпиаданы өткөрүү үчүн Сочи тандалып алынса, анда ал жерге кышкы оюндарын жүргүзүү үчүн көптөгөн обьектилер курулушу керек.

Комментатор Юлия Латынина шаардын даярдыгын текшергени келген Эл аралык олимпиада комитетинин делегациясын бийликтер шаан-шөкөт менен тосуп алып, оюн зооктор, концерттер жана арак-шарап менен коноктогонун, бирок делегацияга көрсөтүү үчүн колго алаардык обьектилер болбогонун маалымдайт.

-Делеграцияга көрсөтөөргө башка эч нерсе болгон жок. Эксперттерге муз стадионунун жана олимпиада кыштагынын долбоорлору эле көрсөтүлдү. Шаардын эң чоң кемчилиги - бул транспорт маселеси деп ойлойм,- дейт Латынина.

Кышкы оюндар өтүүчү тоолуу курортко жалгыз жол барат, ал да чоң унааларды өтөкрө албайт.
Кавказдын чоң кырка тоолорунда жайгашкан кышкы курорттун айланасы табигый коруктун аймагы, ошондуктан экологдор оюндардын өтөкрүлүшү айлана чөйрөгө чоң зыян тийгизет деп кооптонуп турушат.
XS
SM
MD
LG