Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

ТЫҢЧЫЛЫК ОКУЯСЫ ТАҢ КАЛТЫРУУДА ЖАНА ИРЕНЖИТҮҮДӨ


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган Жыпаргүл Арыкованын жүрөк оорусу кармагандыгына байланыштуу aнын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко документтерди даярдап жатканын анын адвокаты Айжан Касымалиева билдирди. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын пикиринде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында Улуттук коопсуздук кызматы “тыңчылык” деген шылтоо менен коркутуу саясатын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагындагы Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыковага тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, ал тууралуу толук маалымат берилбейт, деп билдирди аталган комитеттин коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы Азим Сулайманов. Ал эми Жыпаргүлдүн адвокаты Айжан Касымалиеванын айтымында Жыпар Арыковага Кылмыш кодексинин 292 беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча иш козголгон. Азыр деле ошол берене боюнча тергөө жүрүп жатат:

-Ал боюнча мени кылмыш иши менен тааныштыра элек. Аны бир жарым айдан кийин тергөөнүн бүтөөр алдындагы иш чара деп коет, ошондо таанышам. Ал боюнча кандай “доказательстволор” бар экендиги азыр мага да белгисиз.

Адвокат кечээ камактагы Жыпаргүл Арыковага жолугуп чыкканын, анын жүрөгү ооруп абалы начарлап баратканына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылууга документтерди даярдап жатканын маалымдады.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Эркин Кайымовдун айтымында, Кылмыш-Жаза Кодексинин 36-беренеси боюнча коргонуу зарылдыгы, 37-беренесинде аргасыз зарылдык, 91-беренесинде медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларга ылайык Арыкованын ишке киргендеги арызы, аткарган милдеттери, буйрук, иш кагаздары тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен маалымат алышкан.

Парламент төрагасы Марат Султанов болсо Жогорку Кеңеште бир дагы документ жашыруун деген белги менен чыкпастыгын айтты.

-Мен ачык эле айтайын. Жогорку Кеңеште бир дагы документ, парламенттин өзүнүн материалдары “секретный” деген гриф менен чыкпайт. Биз ачык-айкын организациябыз. Бизге азырынча алдын ала маалымат келди Кылмыш жаза кодексинин ушундай-ушундай беренелери менен айыпталып жатат деген. Мен жакында Кыргызстандагы Кытайдын элчиси менен жолугушканымда, ал өзүнүн дагы таң калгандыгын айтты. “Эгерде биз айрым маалыматтарды алсак сизге эле кайрылат элек”,-деди. Мен айттым: ”Туура силер кайсы материалдар боюнча кайрылсаңар биз каалаган материалдарыңарды расмий түрдө элчилерге, өзүбүздүн жарандарга ачык айкын беребиз. Ошондуктан атайын Жогорку Кеңеште тыңчыны алып жүрүүнүн кажети жок эле деп.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” укуктук борбор Арыковага байланыштуу ишти иликтөөгө жакында киришкен эле. Уюмдун лидери Төлөйкан Исмилова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Апыкова тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк болбой жатканын, аталган комитет бүгүнкү күндө жазалоочу институтка айланганын билдирди Анын пикиринде коопсуздук комитети Шанхай кызматташык уюмунун саммитине шылтоолоп, өздөрүнө жакпаган адамдардан тазалоо жолуна өттү.

-Биздин байкаганыбызга караганда ШКУнун саммити жакындаган сайын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жыпаргүл Арыкова эле эмес оппозиция лидерлерин да куугунтуктап жатат. Экинчи жагынан ички тазалоо саясаты болуп атат. Ушундай “тыңчылык” деген шылтоону таап бүгүнкү күндө коркутууга өтүштү.-деди Төлөйкан Исмаилова .

Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова чет өлкөлүк атайын кызматтын өкүлдөрүнө маалымат берип жаткан делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 19-июнда кармалган. Айрым маалыматтарда ага Кылмыш кодексинин 302 (чет мамлекеттерге берүү максатында кызматтык сырды чогултуу), 292 (мамлекеттик чыккынчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугу айтылган.

XS
SM
MD
LG