Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

СУУ АТАСЫ СУЛАЙМАН ЭМЕС… АНАН КИМ?


Мындан тура 11 жыл мурун же ..96-жылы казактар Капчагай энергокомплексин Алматы шаардык энергокомплекси менен кошуп туруп Бельгиялык «Трактабель» деген компанияга бар болгону - 7,2 миллион долларга сатып жиберип… кийин карайлап кара чырак жагып калганда, туура эмес сатылыптыр деген шылтоо менен ошол эле бельгиялык компания менен соттошуп, көрбөгөн азапты көрүп жүрүп араң дегенде кайра өздөрүнө кайтарып алганын, орустардын Саян-Шушен ГЭСи да менчиктештирилгенден кийин, ай сайын 400 пайыздан киреше кийрип турганына карабастан 1 киловатт-саат электрэнергиясынын 5 жарым тыйындык баасы 48 тыйынга кымбаттагандыгын, акыры жеке менчикке айландырылган Саян-Шушен ГЭСи банкроттук абалга кептелип, жетер жерине жеткенде орустар кайрадан мамлекеттин менчиги кылгандыгын, өз өлкөсүнүн мен деген 9 энергетикалык объектилерин сатып жибергендиги үчүн грузин элинин президент Саакашвилиге болгон нааразылыгы күчөп баштаганын мисалга тарткан «Общественный рейтинг» гезитинин саясый баяндамачысы Сыргак Абдылдаев, энергосекторду менчиктештирүү абалы Кыргызстанда мындан да татаалдыгын, элдин бийликке ичи чыкпагандыгы, бийлик төрүндөгүлөр менен саясый элитанын, кудуреттүү ишкерлердин тереңге кеткен тиреши, март окуясынан кийинки кайра бөлүштүрүүлөр республика калкынын мындан да нааразы, жаңы толкунун кайрадан жаратарын айтат. Баяндамачынын байкоосунда Камбар Ата-1, Камбар Ата-2 ГЭСтерин орустардын жана казактардын колуна берүү менен Кыргызстан Орто Азиядагы суу-энергетика тармагынын ачкычынан автоматтык түрдө ажырады. Суу-энергетика тармагына кожоюн болуудан биротоло кол жууду…Кыскасын айтканда эл эсебинен күн көрүп келаткан бийлик төбөлдөрүнүн мындан кийин деле эч качан кылы кыйшайбайт. Бирок, баягы эле карапайым эл шорлойт. Электр энергиясына болгон тарифтер бир канча ирет өсөт, энергия кымбаттаары менен күндөлүк керектелүүчү товарлардын баасы да жин тийгендей жогорулайт, деп айтылат гезиттин «Камбаратадагы электроминалар» деген макаласында. Гезит ошондой эле Боршайкомдун төрайымы А.Эшимованы президент буйругу менен күтүүсүз кызматынан алып, ордуна К.Коңгантиевди сунуш кылганын кандайча түшүндүрөр элеңиз деп Боршайкомдун мүчөсү Жылдыз Жолдошевага кайрылганда, ал, президенттин бул буйругун бирөөдөн угуп алып таң калганын, Эшимова кызматтан алынганын угары менен абалы жаман болуп, реанимацияга түшкөнүн, Акүй деген кызматтан ала турган кишини чакыртып алып, эмне үчүн алып жатканын түшүндүрүп, адамча мамиле жасаса мындай болбостугун, бийлик аялдарды кызматка көтөрүш керек деген ниети чын болсо анда аларды жөлөп-таяшы зарылдыгын, жок андай болбосо көрүнгөн жерден айта бергенди токтотуусу керектигин айтып жооп берген.

«Лица» гезити коомдук ишмер Касым Исаевдин Бакиевдин президенттигинин 2 жылдыгы жана Атамбаевдин премьер-министрлигинин 100 күндүгүнө арнаган «Эки чокой-бир түгөй» аттуу макаласын басты. Бакиев эл алдында берген убадаларын такыр эле аткарбагандыгы, ошону менен бирге эле өлкө президенти жасабай турган нерселерди жасап ийген жосундары менен эки жылдын ичинде элдин эсинде калды дейт автор. Анан президент Бакиевдин мына бул: «улуттун байлыгын өстүрүү жана көбөйтүүнүн ордуна басып алуу, тартып алуу жана аларды кайра бөлүштүрүү тилекке каршы биздин жаман адатыбызга айланып баратат» деген сөзүн келтирип, «бул кимдерге айтылып жаткан сөз?», «Акыркы эки жылдан бери бул жаман адаттын үрөнүн ким сээп жатат?» деген суроо коюп, кайтара аны жасап жаткандар президенттин үйбүлөлүк кланы менен анын айланасындагылар деп массалык маалымат каражаттары какшап жазып келатпайбы, деги айтканы менен жасаганын карап туруп, Бакиев укуктук эркин өлкөнүн президентиби же Кыргызстандын бүтүндөй элин өз колунда мыкчып турган (князбы) бай-бачабы, деп ойлойсуң деп жазды. Ал эми Атамбаевдин ушул жылдын 7-майында Өзгөндүн Куршабындагы жолугушууда, «Мен деген эч качан алдаган эмесмин жана эч качан аткарылбай турган убадаларды алдын ала бербейм» деп айтканын, бирок күн өткөн сайын бул айтылгандардын чын жүрөктөн чыкканынан шек санай баштаганын, декабрдагы Конституцияны алмаштырууга да Алмаз мырзанын алы жетпей калгандыгын, «Кристалл» заводун улутташтырам деп унчукпай калганын, жакын арада Бакиев-Атамбаев тандеми да даңксыз аяктарын… ошондуктан орус накыл кебиндеги «Эки чокой-бир түгөй» деген ылакап эске түшөрүн, кыскасы бечара Кыргызстан жарым кылымдан бери карай эл баштай турган жакшы жетекчиге жетпей келатканын баяндайт коомдук ишмер Касым Исаев бүгүнкү «Лица» гезитине.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG