Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:47

КЕМЕЛ АШЫРАЛИЕВ: «КОЙДОН КОЙЧУСУ КӨП» БОЛУП, АТКА МИНЕРЛЕР АЯБАЙ КӨБӨЙДҮ


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу системасын кайра куруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Анын ток этер маани мазмуну эмнеде? Бул суроо боюнча мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

- Кечээ президент кол койгон жарлыктын негизги идеясы эмнеде?

- Бул турмуштан келип чыгып аткандай болуп атат. Мен мурун легендарлуу парламентте облустарды куруу боюнча биринчи көтөрүп чыккам. Анткени ал кезде туура болчу. Союздун убагындагы көп мүлк, мал, завод, фабрика бар эле. Ошонун бaарын кайра эркиндик колго тийгенде, бир системадан башка системага өткөндө, бaарын мамлекеттен ажыратып менчикке берүү керек болчу. Көнүп алган элге ызы-чуу кылбай менчикке таратып берип, башкарууну өзгөртүшкө туура келди. Облус азыр өзүнүн ролун жоготуп атат. Анткени кыргызда лакап бар, “койдон койчусу көп” деген, ошондой болуп кетти, аткаминерлер аябай көбөйүп кетти, азыр мамлекеттин эч нерсеси жок. Бир кичинекей цех да жок. Кээ бир жерлерде мамлекеттин бир дагы малы жок. Азыр облустун губернатору барбы жокпу, кээси аны менен иши да жок.

Ошондуктан бул реформа керек. Бирок муну созбош керек болчу. Он биринчи жылга чейин дебей эле тезирээк калыпка келтириш керек болчу. Ансыз деле араң жан немени чала жан кылып салып атабыз. Облус жоюлат экен, губернатор кетет экен деп, кээ бир жерлерде митинг болгондо губернаторлор эмне кыларын билбей туруп атпайбы. Мына практикадан көрүп атабыз, Жерүй боюнча ошондой болуп атат.

- Кемелбек мырза, указда айтылгандай негизги реформа үч этап менен жүрөт экен он биринчи жылга чейин. Кээ бир министрликтердин ал жердеги бөлүмдөрү жоюлат деп айтып атышат. Бирок облустар жөнүндө, губернатордун кызматы жок болот дегендей сөз болуп атабы?

- Он биринчи жылы губернатор да жок болот облус жок болсо. Анан үч катардагы республика, район, айыл өкмөтү калып атат. Облустар 2011-жылга чейин туруп турсун, кандайдыр бир саясий жетекчиликтин катмары болсун дегендей кылып атат. Аны быйыл деле жоюп таштаса болмок. Район керек, районсуз болбойт. Бул жерде дагы кызык нерсе болуп атат.

Мисалы, бардык деңгээлде ошондой болсо республикадан президент шайланып аткандан кийин, экинчи деңгээлдеги райондордун башчылары да шайланышы керек болчу. Айыл өкмөтү шайланып атат дагы, район башчылары дайындалып атат. Райондун жетекчисин мени эл шайлады, сен бир эле кишиден дайындоо алдың деп тоготпой коюшу мүмкүн. Ушундай көп нерселер болуп атат. Ушунун барын тартипке келтириш керек. Ал эми облус жөнүндө, чындыгында Таласка, Чүйгө облустун кереги эмне эле мындайынан караганда. Ошон үчүн алыскы Баткен менен Нарынды сактап калып, калгандарын эртелеп эле быйыл күзүндө жоюп таштаса болмок.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Mаектешкен Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG