Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

ПАКИСТАНДАГЫ КЫЗЫЛ МЕЧИТ АЙЛАНAСЫНДАГЫ ЧАТАК ЧЕЧИЛЭЭР АЛДЫНДА


Нарын АЙЫП, Прага Пакистандын борбору Исламабад шаарында полиция менен динаятчылар ортосундагы тирешүү эки күндөн бери уланууда. Белгилүү "Кызыл мечитти" полиция жана коопсуздук аскерлери курчоого алган, анын көптөгөн окуучусу бийликке багынып берди, 4-июлда болсо мечиттин башчысы дагы кармалды.

Чатак шейшемби күнү, 3-июлда башталды. Кайсы бир себептерден белгилүү Кызыл мечиттин алдындагы Жамия Хафса деп аталган медресенин студенттери менен полиция ортосунда кагылышуу чыккан жана андан 16 адам курман болду. Коопсуздук аскерлери менен полиция дароо мечит менен медресени курчоого алды, бирок анын ичинде камалгандар телефон аркылуу журналисттер менен байланышып, эгер полиция анын ичине кирем десе, дароо өлкөнүн ар башка аймактарында көптөгөн жанкечтилик жардыруулар болот деп билдирген. Мечиттин кызматкерлеринин бири Абдул Каюм 4-июлда айтканга караганда, Исламабад шаарында жана Пакистандын башка аймактарында жүздөгөн адам өздөрүн өзү жардырууга даяр жана чоң кан төгүү башталышы мүмкүн.

Кызыл мечит илгертен Пакистанда исламдык тартипти күчөтүү үчүн күрөшүп келген, айрым саясат таануучулар аны - диний радикализмдин очогу деп да атайт жана бийлик ага каршы катуу чара көрүүгө тийиш деп айтып келет. Анткен менен эки күндүн ичинде мечит жана медреседен бир миң эки жүзгө жакын студент сыртка чыгып, бийликтин колуна багынып берди.

5-июлга карата мечиттин ичинде дагы 800-900 адам калган жана алардын айрымдарынын куралы бар. Пакистан өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Жавед Икбал Чиманын айтымында, исламчылар менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзүлбөйт жана чатак - имараттын ичинде жашынгандын баары бийликке багынып бериши менен гана аякташ керек:

"Эч кандай диалог жок. Биздин талаптарыбызды мечиттин ичиндегилер азыр талкуулап жатат жана алар үчүн дагы убакыт керек деген белгилер бар. Мечиттин ичинде эки белгилүү динаятчы азырынча каршылык көрсөтүүдө, алар тараптан биз ийкемдүүлүк жөнүндө белги ала элекпиз. Бирок, мен дагы бир жолу кайталайм, бул маселе бир гана жол менен чечилиши мүмкүн - алар баары бийликке багыныш керек", - деди Чима 5-июлда.

4-июлда болсо мечиттин башчысы Абдул Азиз кармалды. Мечиттен чыгып, бийликке багынып жаткан студенттердин арасында көптөгөн кыз-келиндер да болгон, бирок аларды аял-полициячылар тинтип-текшерген. Ошондой текшерүү учурунда башынан аягына чейин кара бурка кийген Абдул Азиз дагы бар болуп чыкты жана ал кармалды.

Имараттын ичинде калган динаятчылардын айтымында, ал мечит жетекчилигине эч нерсе деп айтпастан чыгып кетип калган. Абдул Азиздин бир тууганы жана анын орун басары Абдул Рашид Газинин айтымында, Абдул Азиз шаарда бир белгилүү адам менен жолугууга тийиш болчу жана ошол себептен сыртка чыгып кеткен.

Пакистандын маалымат министри Мухаммед Али Дурранинин айтымында болсо, Абдул Азиздин колго түшкөнү - Кызыл мечит айланасындагы чатак кансыз аякташына үмүт берет. Абдул Азиз өзү дагы сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, мечиттегилерди багынууга чакырды.
XS
SM
MD
LG