Казактардын улуу жүз приставы, полковник М. М, Хоментовский 1856-жылдын бу күнү өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө орус администрациясынын кыргыздын бугу, сарыбагыш жана солто уруулары менен болгон мамилеси кабарланат. Приставдын билдирүүсүнө караганда улуу жүз казактары солто уруусуна барымтага барып, андан кагылыш чыккан жана солто манабы тутукундалган.
Дреев атуу жыгач уста 1939-жылдын бу күнү борбор шаардын этегиндеги Старая Покровка айлынан IX-XI кк. таандык чынжыр зоот таап алган. Сегиз килограмм чамалуу зоот эскилигине карабастан жакшы сакталып, анын чынжыр шакекчелери бир сантиметрдик диаметр тыкыздыкта жасалган.
Кыргызстан КП Борбордук комитети 1939-жылдын 6-июлунда «Колхоз ишине пайдаланчу сугат суусун ысырап колдонууга каршы чаралар» аттуу Токтом кабыл алган. Токтомдо чарбаларда орун алган сууну ысырап пайдалануу көрүнүштөрү катуу сынга алынып, сугат адегенде колхоз үчүн берилип, андан кийин барып адамдардын бакчаларына бөлүнүш тартиби такталган.
Фрунзе шаарынын Токтогул көчөсүндө жашаган Бегельдиновдордун үй бүлөсүнө 1945-жылдын 6-июлунда республикалык партия жооптуу кызматкерлерден турган жоон топ адам келди. Алар аскер учкучу Талгат Бегельтиновдун Улу ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги экинчи «Алтын жылдыз» медалы жана Советтер союзунун баатыры наамы менен сыйлангандыгын кабарлашкан.
Президент Аскар Акаевдин 1994-жылдын 6-июлундагы жардыгына ылайык эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп генерал-майор Т. Молдобаев генералдык наамынан ажырады. Президенттин жардыгында Т. Модобаев Кыргыз Республикасынын Куралуу күч офицерине мүнөздүү жогорку наамды булгап, кол астындагы кызматкерге кол кайрып аскер уставын бузгандыгы үчүн жазалангандыгы белгиленет.
Бу күнү, 1687-жылы атактуу физик Исаак Ньютон ааламдык тартылуу теориясын Лондон шаарында жарыя кылып, 1919-жылы британиялык дрижабль Анлантика океанын кезип, 1912-жылы Стокгольдо V Олимпиада ачылган.