Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:42

БЕРМЕТ АКАЕВА: БАКИЕВ ТУРГАНДА АКСЫ ТРАГЕДИЯСЫНЫН ЧЫНДЫГЫ АЙТЫЛБАЙТ

Маектешкен Гүлайым Ашакеева, Бишкек Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин кызы, “Саясий класс” журналынын башкы редакторунун кеңешчиси Бермет Акаева өзүнүн саясий ишмердиги, соңку саясий окуялар жөнүндө “Азаттыктын” Бишкек студиясында маек курган. Бермет Акаева саясий ишмердигин токтоткон жок жана ал өзүнүн командасы менен азыркы учурда Кемин жана Чүй райондорунда социалдык, саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча бир катар программаларды ишке ашырып жатканын билдирди. Анын көз карашында, Аксы окуясы боюнча иштин кайра башынан тергелип баштаганы мыйзамсыз болуп калды. Анткен менен Бакиев президент болуп турганда Аксы окуясынын чындыгы да ачыкка чыкпайт.

- Бермет айым, “Азаттыктын” студиясына кош келипсиз. Алгач кепти сиздин саясий ишмердигиңизден баштасак. Кеминдеги шайлоодон кийин саясий ишмердигиңизди улантып жатасызбы?

Сөзсүз улантам. Мен депутат болбой калсам дагы шайлоочуларым, элим мени абдан колдоду, чоң ишеним көрсөттү. Ушул ишенимди мен акташым керек, аз болсо дагы өз жардамымды беришим керек. Мен өзүмдүн жаш командам менен турмушу кыйындарга, майыптарга, жалгыз адамдарга жардам берип баштадык. Азыр болсо саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча бир пландарды түзүп жатабыз. Ишкердик долбоорлорду түзүү, суу менен камсыз кылуу сыяктуу багыттарда иш алып барабыз, деги эле айылдарда көп көйгөйлүү маселелер бар да. Биздин округ бонча эки микрокредиттик программаны Чүй жана Кемин райондорунда ачып жатабыз. Биз элге жөн гана акча таратпай жумуш орундарын түзүү менен элге бир түрткү болушубуз керек. Жамаатарды түзүп алар аркылуу микрокредиттерди берүү системасын жолго коелу деп да жатабыз. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну алдыга жылдыруу керек, жамааттарды өнүктүрүү менен шайлоочуларга жардам берсек дейм.

- Сөзүңүзгө аралжы, ушул жерден бир суроо. Акыркы учурдагы окуялар кандай сабак болду, сизге эмнени үйрөттү?

- Мага биринчиден бул чоң сабак болду, чоң тажрыйба болду. Мен шаарда өстүм, бирок айылга көп барчубуз. Баары бир шайлоо учурунда элдин абалы жакшы билинет, алардын проблемасын жакындан көрүп ошол маселерди кантип чечүүнү, элибиздин жашоосун кантип оңдоонун үстүндө көп ойлоносуң. Бул бардык жагынан алганда абдан пайдалуу жана чоң тажрыйба болуп калды.

- Демек, Сиз саясий системанын кашкайган катачылыктарын да көрө алган турбайсызбы?

- Бул кемчиликтерди мурун деле билчүмүн, албетте башка жагынан. Эми бул жагынан да маселени жакшы түшүнүп калдым, өзгөчө айрыкча сот системасынын жана укук коргоо органдарынын кемчиликтерин жакшы түшүндүм. Бул деле мен үчүн абдан пайдалуу, себеби, мындай орчундуу маселелерди жакшы түшүнүү келечекте аларды чечкенге, алар менен “согушканга” биринчиден жакшы изилдеп билип алуу керек (күлүп – Г.А).

-Айрым маселелер кантип чечилип жаткандыгына өзүнүз күбө болгон турбайсызбы. Эми соңку саясий маселелерге кайрылсак. Өзүнүз билгендей Аксы окуясы кайрадан башынанан изилдене турган болду, Сиздин оюнузча ушул 5 жылдан бери созулган ишке акыйкат чекит коюлабы?

-Эми Аксы окуясы Аксынын эли үчүн дагы, бүт кыргыз эли үчүн дагы чоң кайгы болуп калды, трагедия десем да болот. Бирок тилекке каршы кээ бир кишилер, саясатчылар бул элдин кайгысын желек, туу кылып алып өздөрүнүн эле проблемаларын чечип жатышат. Менин буга оюм ушундай. Эми мен юристтерден Жогорку Соттун ушул ишти жаңыдан баштаганы мыйзамдык жактан туура же туура эместигин экендигин сурасам, алардын айтуусунда бул туура эмес экен. Бул ишти кайра баштаганга мыйзам улуксаат бербейт экен, бул саясий чечим болуп калганын айтышты. Биз эртеби-кечпи мыйзам жолу менен жашап башташыбыз керек да, туурабы? Качан мындай жашоону баштайбыз? Конституцияда, УПКда (Кылмыш-процессуалдык кодекс – Г.А.) биз бузбаган мыйзам калган жок болуш керек, бул туура эмес. Элдин кайгысын өз кызыкчылыкка пайдаланбаш керек. Менин оюмча азырынча баардык чындык чыкпайт болуш керек, себеби биздин президентибиз К.Бакиев ал кезде өкмөт башчысы болчу, анын дагы кандайдыр бир жоопкерчилиги, күнөөсү бар. Келечекте бул киши бийликтен кеткенде бүт чындык ачыкка чыгат, бардык нерсе билинет.

- Аскар Акаев басма сөз беттерине Аксы окуясына байланышкан өз ойлорун жарыя кылды. Сиз атаңыз Аксы окуясы үчүн канчалык деңгээлде жоопкерчилик алат деп ойлойсуз?

- Сөзсүз-сөзсүз. Президент катары атамдын жоопкерчилиги да, күнөөсү да бар. Президент катары атам Кыргызстандагы бардык окуяларга жооп бериши керек, жоопкерчилиги бар. Атам жоопкерчиликти эч качан өз мойнунан алып салган жок, канча жолу өз оюн ачык кайтты, канча жолу Аксыга барды, кечирим сурады, катуу сындарды укту, бардыгына чыдады. Ал эч качан жоопкерчиликтен кеткен жок, азыр деле өзү приказ бербесе дагы президент катары жооп бериши керектигин айтып эле жатат.

- Бермет айым, сиз Акаевдин доорундагы саясий система менен жакшы таанышсыз. Эми ынкылаптан кийин болуп жаткан окуяларды эске алганда Кыргызстанга кандай саясий система керек?

- Аны азыр айтыш кыйын, терең ойлонуш керек. Эми биз өзүбүз көргөндөй президенттик система анча жакшы иштебейт экен, себеби кыргыз коомунун мүнөзү башкача. Тилекке каршы бизде бекем ынтымактуулук жок. Азыр көптөр президенттик система иштебейт, парламенттик башкаруудагы системага өтүшүбүз керек деп айтып жатышат. Саясий партияларды күчтөндүрүп партиялык парламент түзсөк бүт проблемалар чечилет, аялдар да, ар кандай улуттар да болуп, эч кандай байлык-бийлик талаш болбойт, бардык нерсе жакшы жана калыс болуп калат деп жатышат. Мен мындай ойго макул эмесмин, себеби саясий партияларды жакшы билем. Кыргызстанда биринчиден азыр профессионалдуу жакшы партия жок. Эми “Ата-Мекен” партиясын карап жатам, бул партия акырындап ушул жол менен келе жатат. Бул эми жалгыз эле партия, биз дагы ушундай партия түзсөк деп жүргөнбүз. Тилекке каршы, “Алга Кыргызстан” мындай болбой калды, эми келечекте ким билет, билким биз бул ишти улантабыз. Анан дагы биз партиялык системага өтсөк эле бардык депутаттар партиялык идеология менен эле парламентке келээрине эч кандай ишеним жок. Баары бир регионалдык дисбаланс болуп калышы мүмкүн.
Менин оюмча, биз биринчиден жергиликтүү бийликти өнүктүрүүбүз керек, себеби эл өз тагдырын өзү көбүрөөк колго алышы керек. Себеби биз Бишкекте отуруп эмне билебиз? Биз бул маселени терең ойлонуп, терең изилдешибиз керек. Анан ушул конституциялык процесске карасак үч эле пункттун: өкмөттүн, президенттин жана парламенттин эле полномочиелери каралып жатат, болгону ушул эле. Кандайдыр бир мүмкүн федералдык системага карайлыбы, жөн эле президенттик система иштебей калды, парламенттик системага өтсөк эле жыргайбыз дебестен. Жыргабайбыз-жыргабайбыз.. Эч кандай даярдыгыбыз жок болсо, же саясий институттарыбыз жок, же партияларыбыз жок, же тажрыйбабыз жок. Ал тургай тарыхый тажрыбабыз да жок да.

-Маегиңиз үчүн рахмат, Бермет айым
XS
SM
MD
LG