Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖЕГЕН НАНЫН АКТАП АТАБЫ?


Өтүп бараткан аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов парламенттин үчүнчү сессиясынын тыянагын чыгарып, парламенттин иши жемиштүү болду деп билдирди. Ошол эле учурда парламентти ашкере саясатчыл болуп кеткендиги үчүн сынга алгандар да болууда.

Төрага Марат Султанов берген маалыматка караганда, быйылкы мыйзам чыгаруу жылында 141 отурум болуп, анда социалдык-экономикалык багыттагы, мамлекеттик түзүлүш, укук жаатында үч жүздөн ашык мыйзамды карап, анын эки жүздөн ашыгын кабыл алды. Мындан тышкары эл аралык кырк чамалаш макулдашууну ратификациялап, жыйырмадан ашык парламенттик угуу өткөрдү. Парламентке 42 миңден ашык шайлоочу кайрылып, депутаттар анын отуз миңден ашыгын кабыл алышты. Ушундай маалыматтарга таянган төрага парламенттин быйылкы ишине канагаттангандыгын билдирди.

Анткен менен, коомдук-саясий чөйрөдө, анын ичинде депутаттар арасында деле парламенттин быйылкы ишине ичи чыкпагандар деле аз болгон жок. Алардын бири, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын экс төрагасы Мукар Чолпонбаев өткөн сессияда депутаттарды саясий туруксуздугу үчүн сынга алып келүүдө.

Баш мыйзамдын ноябрдагы редакциясы март окуясынан кийин коомчулуктун талабына ылайык кабыл алынган алгачкы Конституция болуп калды. Жаңы Конституцияны талап кылып, мөөнөтсүз митингди уюштурган «Реформа үчүн!» кыймылы муну демократияга умтулган Кыргызстандын келечеги үчүн жасалган жемиштүү кадам катары баалап жүрүшөт.Төрага Марат Султанов бул баш мыйзамга алгачкылардан болуп өз баасын берген болчу:

- Парламент кечээ Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алган. Бүгүн президент кол койду. Бүгүнтөн баштап биз расмий түрдө жаңы Конституция менен жашай баштадык. Чынында эле бул компромистүү, жакшы долбоор болгон деп ойлойм. Биз биз белгилүү эксперттер менен чакан консультацияларды өткөрдүк. Конституция иштеп жаткан Конституциядан бир эмес, бир нече кадам илгери жылды деп айтышты. Айтылбай калган бир топ маселелер бул Конституциядан алынып салынды.

Бирок ноябрда антимитингдерди уюштурган Камчыбек Ташиев баштаган депутаттар тобу бир ай өтпөй кайрадан Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул парламентте жаатташууну күчөтүп, конституциялык реформага байланыштуу жаралган парламенттик кризисти курчутту, парламентти таратуу маселеси парламентте байма-бай көтөрүлдү.

Ушундай талаш-тартыштардын капшабы менен Камчыбек Ташиев баштаган депутаттар тобу даярдаган Баш мыйзам 30-декабрда кабыл алынды. Кийинчерээк талдоочулар бул кадам аркылуу парламент өзүн-өзү сактап калды деп баалашты. Бирок, баш мыйзам президентчил депутаттардын күчү менен, жасалма добуш аркылуу кабыл алынды деп эсептеген «реформачылар» ушул күнгө чейин бул маселени Конституциялык сот аркылуу тактоо аракетин кылып жүрүшөт.

Оппозициялык саясатчылар жыл этегине чейин өнөкөткө айланган жасалма добуштар аркылуу мыйзамдарды кабыл алуунун башаты дал ушул декабрь Конституциясында жатат деп айтып жүрүшөт. Мындай билдирүүнү Камбарата ГЭСтери жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу «Ак шумкар» фракциясы жасады. Алар бийликтин таламын талашкан депутаттык топ мындай аракеттерге президенттин каалоосунан чыга албаган үчүн барып жатышат дешет.

Президент Курманбек Бакиев энергетикалык мыйзамдар катарына кирген экономикалык мыйзамдарды күзгө калтырбай кабыл алып бергиле деп сессия акыркы айда эки ирет келип кетти.
Ошондой болсо да, фракцияга кирген депутаттар бул мыйзам одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынды деп, президентти ага кол койбоого чакырып жатышат.

Экс-төрага Мукар Чолпонбаевдин көз карашында президент да, парламент да мыйзамдарга кепил боло алган жери жок.

Парламенттик көпчүлүк мыйзамга эмес, акүйгө кызмат кылып жаткандыгын эскерткен маанай парламенттик сессиянын акыркы күнүнө чейин сакталды. Төрагалыгына жаңы талапкер кылып президент сунуштаган экс-баш прокурор Камбараалы Конгантиев баштаган Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кезексиз кароо тууралуу көтөрүлгөн демилге сессиянын 29-июндагы отурумунда оппозициянын курч сынына кабылды.

Парламентке сынчыл караган саясатчылар жеке саясий кызыкчылыктарга алдырган депутаттар чырга айланган «Кристалл», «Жерүй», «Кумтөр», Акаевдердин мүлкү өңдүү маселелерге маани бергилери келишкен жок.

Парламенттин быйылкы ишмердүүлүгү мыйзамдардарды кабыл алуудан тышкары Феликс Куловду премьер-министрликке макулдук бербей коюп, Бакиев-Кулов тандемине чекит койгондугу, «Кристалл» акционердик коомун сатылып жаткан учурунда коомчулукка ачыктагандыгы менен эсте калды.
Мындан тышкары, быйыл «Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлери, экс-төрага Өмүрбек Текебаевге байланышкан «Матрешка» чатагы, депутат Темир Сариевдин чоң өлчөмдө тышкы акча ташып баратат деп кармалышы, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматкери Жыпаргүл Арыкованын мамлекеттик чыккынчы катары камакка алынышы, Аксы окуясына байланыштуу экс-губернатор, парламент отурумун себепсиз калтырбаган үлгүлүү депутат Султан Урманаевге каршы кылмыш ишинин козголушу парламентке тиешеси бар чуулгандуу окуялардан болду.

Быйыл парламент экс-президент Аскар Акаевдин жакын адамдары Айдар Акаев менен Муратбек Малабаевди депутаттык укугунан ажыратууга макулдук бергени болбосо, депутаттарды жумушка келбей койгондугу үчүн чара көрүлгөн жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG