Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

ДЕ ХООП СКЕФФЕР УКРАИНАДАГЫ ДИСКУССИЯЛАРГА КИЙЛИГИШПЕЙТ


9-июлда НАТО менен Украинанын кызматташтык келишимге кол койушканына 10 жыл толот. Буга байланыштуу НАТОнун баш катчысы Яап Де Хооп Скеффер НАТонун Брүсселдеги баш кеңсесинде журналисттер менен маектешип, ой бөлүштү.

Айрым адамдар азыр Украинада жүрүп жаткан саясий талаш- тартыштарга терс мамиле кылаар бирок НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффердин пикиринде, бул талкуулар өлкөнүн нагыз демократиялык өлкө болуп баратканынын белгиси.

-Украинада бышып жетилген, тийешелүү жемиш - жыйынтык берген саясий дебаттар жүрүп жатат. Мен саясий дискуссияларга ар дайым оң мамиле кылам, бирок алар нукура Украинанын ички иши болгондуктан, ага кийлигишпейм.Ошол эле маалда эки ортодогу кызматташтык өөрчүп баратат. НАТОнун баардык операциялары менен миссияларына активдүү катышкан саясий башка бир өнөктүн атын атагылачы,- деди Скеффер.

Бир эле мезгилде НАТОнун баш катчысы Украина бул мактоо сөздөргө ынанып калбастан, өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен коопсуздук кызматтарын рефомалоону улантууну өкмөттөн талап кылды.

-Маанилүү рефомалар улантылууга тийиш. Коопсуздук секторунун, коргоо тармагынын, куралдуу күчтөргө көзөмөл жүргүзүү түзүлүшүнүн жана ички иштер министрлигинин аскерлеринин реформасы улантылуусу керек,- деди Де Хооп Скеффер.

Белгилүү болгондой, Украинанын президенти Виктор Юшенко өлкөнүн НАТОго мүчө болуп кабыл алынусун көздөйт. Бирок Украинада болгон сурамжылоолор жарандардын көбү буга каршы же көңүл кош экенин көрсөттү. Ошол эле маалда адамдардын көпчүлүгү өлкөнүн Еврошаокетке киришин колдойт. Журналисттер менен болгон маегинде Де Хооп Скеффер өлкөдө жүрүп жаткан кызуу дискуссияларга эч качан кийлигишпей тургандыгын дагы бир жолу белгиледи.

-Мен сурамжылоолордун жыйынтыктарына эч качан комментарий берген эмесмин. Украинада Натого кошулууга каршы чыгып жаткан топ бар экенин жакшы билем, бул алардын мыйзамдуу укугу жана мен бул дебаттарга эч качан аралашпайм. Мындан бир аз мурдагы видеоконференцияда айтып кеткенимдей, НАТО кир жууган порошок эмес. Мен Украинага НАТОну сатуу үчүн бараткан жерим жок. Жарандарга Натонун эмне экенин түшүндүрүү абзел ,- деди Де Хооп Скеффер.

Скеффер Натого каршы чыгып жаткан жарандар уюмдун миссиясын жана ролун түшүнбөөсү ыктымал экенин белгилеп, ошону менен бирге эле НАТОнун чыгышты карай кеңейүүсү региондун коопсуздугуна шек келтирет, деген Россиянын камтамачылыгын дагы бир жолу төгүнгө чыгарды.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG