Буш Ирак маселесинде мекендештерин сабырдуу болууга чакырып келатат:
-Ирактагы уруш канчалык кыйын болбосун, биз аны өзүбүз үчүн жеңүүгө тийишпиз. Элибиздин коопсуздугу үчүн аскерлерибизди колдошубуз керек. Ирактын өкмөтүн колдоп, Ирактагы Ал-Кайиданы талкалашыбыз керек, - деген Буш 4-июлда Кошмо Штаттардын эгемендик күнүнө арналган сөзүндө.
Бирок республикачылардын нью-мексиколук сенатору Пит Доменичини президенттин сөздөрү көп ынандырган жок өңдөнөт.
Бейшембиде өткөргөн пресс-конференцияда сенатор Ирактагы америкалык аскерлердин эмки жазга чейин чыгарылышын жактаарын билдирди:
-Ирак өкмөтүнүн күчтөрү көбүрөөк аракеттене тургандай жаңы стратегия керек.
Саясатчы Ирак боюнча Изилдөө тобунун сунуштарын жактырган мыйзамды колдой турганын да айтты. Аталган топ АКШ согуштук аракеттерден Ирак аскерлерин колдоо стратегиясына өтүшү керек деп белгилеген эле.
Доменичи Буштун согуш саясатын бекем колдогон адамдардын бири болчу. Арийне соңку сөзүндө сенатор Ирак өкмөтү коргоо тармагында өз алдынча аракеттене албайт деген күнөм саноолорун ортого салды:
-Ирак өкмөтү өз элинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн жетиштүү кадам көрбөй жаткан шартта биздин азыркы стратегияны улантууга каршымын.
Эки жумага жетпеген убакыттын ичинде ушуну менен онунчу республикачыл сенатор Буштун Ирак саясатына макул эместигин ачык билдирди.
25-июнда сенатор Ричард Лугар Ирактагы тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн аскерий эмес дипломатиялык демилгелерди күч алдырууга үндөгөн.
Аны менен бирге Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар согушка бөлүнгөн каражатты кыскартууну, Ирактагы аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн так белгилеген мыйзамды кабыл алуу үчүн аракеттерин күчөтүшүүдө.
Буш ага вето салышы ыктымал. Бирок президент демократтар менен таймашын жеңсе да, өз партиялаштарынын колдоосун жоготуп баратканы, албетте, аны кубандырбайт.