7-июлда «Манас» аба майданында жайгашкан америкалык аскерий базанын жанында АКШ аскерлерин Кыргызстандан чыгарып кетүүнү талап кылып бир катар жергиликтүү уюмдар жана саясий партиялар митинг өткөрүштү. Митингдин катышуучулары америкалык базаны Кыргызстандан чыгарып кетүү, кыргыз жараны Александр Ивановду атып өлтүргөн америкалык жоокер Закари Хэтфилдти жазалоо, аскер базанын жергиликтүү экологиясына тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайы комиссия түзүү тууралуу талаптарын билдиришти.Советтер союзунун гимнинин коштоосунда башталган бул митингдин катышуучулары “Бизге ачык асман керек!”, “Киши өлтүргүч аскер жоопко тартылсын“, “Американын базасы кетсин”, “Иранда согуш болбосун” “Коммунисттер америкалык базага каршы” деген жарнактарды колдоруна кармап, “Янки гоу хоум!”, “НАТО кетсин !” деп кыйкырып жатышты.