Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ӨРГӨ БАРАТАТ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Кытай Республикасынын тышкы иштер министри Ян Цзечи жолугушту. Алар жолугушууну алгач Кытай Республикасынын элчилигинин Бишкекте курулчу имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышуудан башташты.

- 2014–жылга чейинки Кыргызстан менен Кытай Республикасынын ортосундагы кызматташтык программасынын ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы бизди канааттандырды. Ошондой эле энергетика жана траспорт жаатында өнөктөштүктү күчөтүү керектигин баса белгиледик,- деди Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев.

Расмий маалыматка караганда, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу эки млдр. АКШ долларынан ашты. Бирок бул товар алмашуу негизинен чекене соода менен жүргүзүлсө, эми кытайлык инвесторлорду кайра иштетүү, айыл чарбасы, тоо кендерин иштетүү, туризм тармактарына тартуу жагына аракет жасалууда.

-Кытайлык кесиптешим менен сүйлөшүүдө транспорт жаатында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкууладык. Ошондой эле Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун куруу тууралуу да сүйлөшүү болду. Эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы кызматташтык, айрыкча биз үчүн чоң экономикалык мааниси бар Торугарт көзөмөл-өткөрүү бекетин кеңейтуу жагын карадык,-деди Кыргызстандын тышкы иштер министри.

Ал эми Ян Цзечи мырза өз кезегинде кыргыз-кытай мамилелери бир топ багыттарда ийгиликтүү өнүгүп жатат деп белгиледи:

- Бул жемиштүү кызматташуу Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында достукта, тыгыз мамиледе өнүгүп жатат. Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы туруктуулуктуу камсыз кылууда жана жалпы эле аймакты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Кытай менен Кыргызстан бири-бири үчүн өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгү экендигин айткым келет,-деди Кытай тышкы иштер министри Ян Цзечи.

Элүү жети жаштагы Ян Цзечи ушул жылдын апрель айында Кытайдын тышкы иштер министри болуп дайындалган. Анын Кыргызстанга келиши министр катары Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон биринчи иш сапары.

Жергиликтүү серепчилер ыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшү тууралуу ар кандай ой жорушат. Айрымдары Кытай өлкөсү Кыргызстанга өз таасирин күчөтүү менен отун-энергетикалык байлыктарга эле кызыгат дешсе, экинчилери бул чоң держава менен тыгыз байланышта болгондо гана Кыргызстанда өнүгүү болоорун айтышат. Белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстан бул коншу өлкө менен эл аралык нормалардын негизинде тең укуктуу, эки тарапка тең пайдалуу негизде кызматташуу жүргүзүшү керек. Албетте, анан Кытай мамлекетинин да өз кызыкчылыгы бардыгын унутпашыбыз зарыл:

- Кытайдын мамилесинин өтө эле жакшы болуп жатканынын артында чоң саясаты бар. Бул батыштын Кытайга тийгизе турган таасирин алыскы чектен токтотуп коюш керек. Экинчи эң чоң максаты Кытайдын ичиндеги уйгур сепаратизмин биздин мамлекеттер колдобосун деген саясат. Булар үчүн салгылаштын аренасы биздин аймакта болуш керек. Кытай мамлекети үчүн өз аймагынын тынчтыгы эң башкы мааниге ээ, алар туруктуулуктун маанисин абдан түшүнөт.

Кытайдын башкы дипломаты 9-июлда Бишкекте өтчү ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кенешмесине катышат. Бул расмий сапардын башкы максаты август айында Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине даярдык кылуу, Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзиньтаонун Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо болуп саналат.

XS
SM
MD
LG