Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

9-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1944-жылдын 9-июль күнкү жардыгына ылайык Фрунзе областы беш район жана бир шаарга кемиди. Кыргызстандын саясий турмушундагы таасирдүү бирикмелердин бири-“Ар намыс” партиясы 1999-жылдын 9-июлунда уюшулган.

Түркстандык археолог күйөрмандарынын ийрими 1909-жылдын бул күндөрү Ысыккөлдүн түштүк жээгине жакын жайгашкан Жууку капчыгайынан байыркы эстеликтин табылгандыгын билдиришти. Алардын иликтөөлөрүнө ылайык Жууку капчыгайындагы эстеликтен христиандык белгилер коюлган буюм жана таш жазуулар чыккан. Көрүстөнгө коюлган таш эстеликке христиандык крест чегилип, археологиялык казуу жыйынтыгы көрсөткөндөй Ысыккөлдүн жээгин байыркы мезгилде эле ар түркүн диний конференциялар байырлаган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1944-жылдын 9-июль күнкү жардыгына ылайык Фрунзе областы беш район жана бир шаарга кемиди. Президиум жардыгына ылайык Фрунзе областынан бөлүнгөн Буденновск, Кировск, Ленинполь, Покровка, Талас райондору Талас областы болуп уюшулду. Жаңы административдик биримдиктин борбору Талас шаарында орун алып, Талас областына Жалалабат областынан бөлүнгөн Чаткал району кошулган.

Шериктештик мамлекеттери арасынан биринчилерден эл аралык эсеп жана статистика стандарттарын кабыл алган өлкө Кыргызстан болгон. Кыргыз өкмөтүнүн 1992-жылдын 9-июль күнкү токтомуна ылайык кыргыз өкмөтү эсеп жана статистика эл аралык стандартына өткөн.

Кыргызстандын саясий турмушундагы таасирдүү бирикмелердин бири-“Ар намыс” партиясы 1999-жылдын 9-июлунда уюшулган. Партиянын уюштуруу курултайы “Россия” кинотеатрында өткөрүлүп, анын ишине 842 делегат катышкан. Курултайда партиянын саясий кеңеши, ревизиялык комиссия жана “Ар намыстын” төрагалыгына Феликс Кулов шайланган.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы, Нидерландынын тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффер 2003-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келип, 9-июль күнү президент Аскар Акаев, вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жана граждандык коом өкүлдөрү менен жолугушту. Кыргызстан президенти эки тарап ортосунда кызматташтык артып, абройлуу уюмдун сунуштарын кыргыз бийлиги турмушка ашырып атканын жана анын натыйжасы катары Бишкекте ачылган ОБСЕ академиясын жана Ички иштер министрлигин реформалоо иштерин белгиледи.
XS
SM
MD
LG