Расмий бийлик өкүлдөрү быйыл август айында Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин маани-маңызы өтө чоң экендигин, өлкөнүн абройунун артышына, саясий-экономикалык абалынын чыңалышына таасири күчтүү болорун айтып келишет. Бир катар саясатчылар бул жөн гана уюмдун кезектеги жыйыны экендигин, бийликтин өзүнүн ыкласы пайда болмоюнча өлкөнүн өнүгүшүнө ШКУ эч кандай таасирин тийгизбесин айтышат. Белгилүү саясатчы, Борбор Азия Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун айтымында, көп учурда бул уюм Орусия менен Кытайдын саясатын өткөрүш үчүн иштеп келет. Ошондой эле ал АКШнын Кыргызстандагы аба базасынын мааниси ушундай учурларда арта турганын айтат:
- Талибдер эгерде 1999-2000-жылдардагыдай биздин аймакка кирип келсе ШКУнун кайсы мамлекети ошого карата чара көрөт. Эмне Кытай өзүнүн аскерлерин жөнөтөбү же Орусиядан аскер келеби, Казакстан жардамга келеби же Өзбекстан жөнөтөбү. Өзбекстанды өз учурунда көрбөдүкпү, учак менен биздин жерди бомбалабады беле. Азыркы учурда ШКУ Кытай менен Орусиянын эле саясатын ишке ашырыш үчүн иштеген уюм. Албетте бизге деле анча-мынча пайдасы болот. Бирок биз буга рационалдуу карашыбыз керек. АКШнын аба базасы ушундай учурда өтө кереги чоң болот.
Экономисттердин баамында ШКУнун Бишкекте өтө турган саммити чоң мүмкүнчүлүктөрдү да сунат. Жаш экономист Талант Кемеловдун пикиринде, эгерде Кыргызстан бардык тараптарга ыңгайлуу бизнес долбоорлорду сунуштай алса, уюмга мүчө бай өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болушу мүмкүн:
- Экономикалык жактан жакшы мүмкүнчүлүк боло алат. Эгер биз бардык тарапка пайдалуу бизнес долбоорлорду сунуштасак, кабыл алуулары мүмкүн. Мамлекет башчылары менен кошо сөзсүз түрдө бизнес чөйрөсүнүн адамдары, экономикалык тармакты тейлеген министрлер да келет. Менимче жакшы мүмкүнчүлүктү колдонуп калсак болот.
Ал эми саясат илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, ШКУнун Кыргызстандын ички-тышкы саясатына да таасири чоң экендигин айтат.
Ошондой эле анын пикиринде, официалдуу кагаздарда жазылбаганы менен бул жолку жыйында АКШнын Кыргызстандагы аскердик аба базасынын тагдыры жашыруун талкууга алынышы мүмкүн:
- Албетте, менимче ШКУнун саммити учурунда уюмга мүчө мамлекет башчыларынын ортосунда АКШнын “Манас” аба базасы тууралуу сөз болот, бул турган иш. Официалдуу кагаздарда ал жок болсо эле бул каралбайт дегенден мен алысмын.