Абдул Рашид Гази 8- июлда бийликтердин багынып берүү же мунасага баруу талабын четке какты. Газинин айтымында, Исламабаддын Кызыл мечитинде жашынып жаткан эрегишчилердин каны төгүлсө, өкмөткө каршы «ынкылап башталат”. Гази бул сөзүн дүйшөмбү күнү телефон арылуу да кайталады:
-Биз, бардык биздин азапкөйлөр жана бул жерде шейит өлгөнү отургандар силерден Кыямат күндө биздин окуучуларды өлтүргөнгө силердин жооптуу экениңерди сурайт. Биз баарыбыз: Бизди эмнеге өлтүрдүңөр? Эмне күнөөбүз бар эле? деп сурайбыз.
Өлүм күсөп турган Газинин атасы молдо Абдулла Кызыл мечиттин имамы болгон. Ал 1980-жылдары өз жамаатын Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы жихадга үндөгөн. Жихад ал жылдары өкмөттүк идеологиянын бир салаасы болгон да Кызыл мечитке Пакистандын башкаруучу төбөлдөрү жума намазга келип турган.
Гази бардар адамдардын балдары окуучу Куейд-е- Азам университетин бүткөндөн кийин Билим берүү министрлигине кызматка кирет. Бирок, 90- жылдын аягында атасы Абдулла каршылаш ислам сектасынын кол салуусунун өлгөндөн кийин агасы Азиз менен бирге радикалчыл исламга кошулушат. Бир туугандар “ал- Каиданын” азыркы башчылары, анын ичинде Осама бин Ладен менен алака түзүшөт; Атасынын ордуна имам болуп калган Азиз иниси экөө Кызыл мечитти жана анын эки медресесини радикалчылардын ордосуна айлантышат. Радикализм 2001-жылдын 11- сентябрында АКШнын шаарларына жасалган чабуулдардан жана ооган талиптерин америкалыктар бийликтен куугандан тарта өзгөчө күчөйт. Президент Мушарраф АКШ жетектеген террорчулукка каршы согушту колдогон соң Гази менен Азиз мусулмандарды өкмөткө каршы тукурууга өтүшөт. Медресенин окуучуларын куралдантып, полиция кызматкерлерин, сойку деп шектелген кыз- келиндерди уурдаганга аттандырып, музыка дүкөндөрү менен кинотеатрларга каршы жортуулдарды уюштурушат. Мушаррафтын өкмөтү бир-тууган Газилерди камаганга буйруп, бирок, аны аткарууга шашпай жүрүп, азыркы тирешүүгө жетти. Андан өкмөттүн маалымдашынча, 21 адамдын каны төгүлдү.
Пакистандык журналист Ахмед Рашиддин сөзүнчө, өкмөт козголоңчуларды тезирээк баспаса, Газинин тарапкерлери күн санап көбөйө берет:
-Бир жумадан берки калаба ыкчам басалбаса, анын кесепети жаман болот жана өлкөнүн башка бөлүктөрүндө да согушчандарды колдогондо көбөйөт.
Дүйшөмбү күнү Пакистандын Түндүк Чыгышындагы Бажур регионунда 20 миңдей адам, анын ичинде бетин чүмбөттөп алган согушчандар катышкан демонстрация өттү. Алар “Мушаррафка өлүм!” “Америкага өлүм!” деп кыйкырып чыгышты.