Белгилүү америкалык Брукингс институтунун эксперттери Эдвард Жозеф менен Майкл О'Ханлон 5-июлда жаңы демилге менен чыгып, эгер Ирак азыр бүлүнүү алдында турса жана өлкөдөгү абалды оңдоо үчүн андан башка амал калбай калган болсо, анда ага алдын ала кам көрүп, бөлүнүүнү жумшак ыкма менен ишке ашыруу керек деп билдиришити.
Былтыр февралда Самарра шаарында шийи мусулмандарынын Алтын мечити жардырылгандан кийин өлкөдө диний араздашуунун негизиндеги куралдуу кагылышуулар көбөйдү жана айрым эксперттер аны ич-ара согуш деп да атай баштады. Шийилер жашаган аймактарда суннилер куугунтукка алынып жана айрым учурларда өлтүрүлүп, сунни аймактарында ага каршы аракеттер көрүлүп жатканда өлкөдөгү америкалык жетекчилик айрым андай чөлкөмдөрдү дубал менен да бөлө баштады.
Өлкө түндүгүндө жашаган күрддөр болсо мурдагы президент Саддам Хусейндин учурунда эле чектелүү автономияга ээ болчу, азыр болсо өз аймагын дээрлик өз алдынча башкарууда. Мындай абалда Ирак мамлекет катары чачырап кетүү коркунучуна такалды. Ошондуктан, Жозеф менен О'Ханлондун айтымында, өлкөнү сактап калуу үчүн аны жумшак түрдө бөлүү керек:
"Биз көпчүлүгүбүздө аны каалабайбыз жана аны эң жакшы жол деп эсептебейбиз, бирок каалайбызбы, каалабайбызбы, Ирак бөлүнүп баратат. Ай сайын жүз миңге жакын адам өз үйлөрүн таштап, жер которууга аргасыз болууда. Өлкө улуттар негизинде бөлүнүүдө, айрымдардын пикиринде, ал Боснияга айланып баратат. Ошондуктан куралдуу же башка кылмыштуу топтор бөлгөндөн көрө, өлкөнү биз өзүбүз бөлгөнүбүз жакшы", - дейт О'Ханлон.
Жозефтин айтымында болсо өлкө борборун дагы Багдад шаарынан башка жерге которуш керек: "Бийлик канчалык көпкө Багдадда сакталса, ошончолук өлкөдөгү үстөмдүк шийилердин колунда кармалат. Аны эч ким тана албайт. Бардык фактылар менен далилдерди биринин артынан бирин карап чыкканда, коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери диний аралык араздашууну жөн гана күчөтүп жатканын көрөсүң. Ошондуктан Иракта азыр борбордук башкарууну сактоо өлүмгө тете", - дейт Жозеф.
Окумуштуулардын айтымында, Ирак үч автономия сыяктуу аймакка бөлүнсө, айрым жарандар өлкөнүн бир бөлүгүнөн башка аймактарга көчүүгө аргасыз болот. Бирок алар азыр баары бир жер которуп жатышат, аны күч колдонуу же мыйзам бузуулар менен жасагандан көрө, өкмөттүк көзөмөл алдында жана ыктыярдуу түрдө ишке ашырган жакшы.
Жозеф жана О'Ханлондун пикиринде, Ирактагы абалды жөнгө салуу ишинде кошуна Ирандан жардам күтпөш керек. Ирактагы стабилдүүлүктү Тегеран канчалык кааласа дагы, АКШнын Ирактагы аракеттеринин ордунан чыкпай калышын андан катуу эңсейт. Бирок кандай болгон учурда дагы Иран менен сүйлөшүү жүргүзүш керек дейт О'Ханлон.