Форумдун негизги максаты бейөкмөт уюмдарынын өз ара иштешүүсүн бекемдөө, буга чейинки жетишкендиктер менен кемчиликтерди аныктоо жана кийинки кадамдарды белгилөө делгени менен алардын канчалык деңгээлде саясатка аралаша тургандыгы тууралуу кеп-сөздөр басымдуулук кылды. Форумга катышкан бийлик өкүлдөрү бейөкмөт уюмдарынын ордун жогору баалашканы менен алардын саясатка катуу кийлигишип жатышканын туура көрүшкөн жок. “Эларалык толеранттуулук үчүн” бейөкмөт уюмунун президенти Рая Кадырованын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдар саясий чечимдерди кабыл алууда гана активдүү катышып, бийлик үчүн күрөшкө кийлигишпөөсү керек:
- Сөзсүз биз саясатка аралашабыз. Бирок саясат эки тараптуу да. Биринчиси саясий чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу. Экинчиси бул – бийлик үчүн күрөшүү. Ошол экинчи тарапка биз, бейөкмөт уюмдары кошулбайбыз.
Форумга катышкан бийлик өкүлдөрү бейөкмөт уюмдарынын ордун жогору баалашты. Ошол эле кезде айрым бейөкмөт уюмдарынын лидерлеринин президентти же премьер-министрди “кетсин” дегенге чейин барышканы туура эмес экендиги айтылды. Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, бейөкмөт уюмдары чет өлкөлөрдөн каржыланып атып, эч качан өлкө башчыларын кетирүү демилгесин көтөрбөшү керек:
- Эгер чет мамлекеттен акча алча, грант алса мамлекет башчысы кетсин, өкмөт башчысы кетсин деп кыйкырбашы, талап кылбашы керек. Мунун өзү грант берген мамлекет бейөкмөт уюмдары аркылуу Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенге барабар.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, 2005-жылдын 24-мартынан кийин олуттуу реформалар болот деген үмүттөр орундалган жок. Анын айтымында бейөкмөт уюмдарынын начар иштегендиги да буга түрткү болду:
- 24-мартта “элдик революция болду” деп жаңы бийликти куттуктап, жаңы үмүттөрүбүздү жарыялап, демократия багытындагы жакшы сөздөр айтылган. Тилекке каршы бардыгыбыз эле көрүп тургандай үмүттөрүбүздүн көбү ишке ашкан жок. Эми албетте бийликти деле күнөөлөсөк болот, күнөөлөп деле келатабыз. Бирок негизинен жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын да аксап аткандыгы байкалып атат.
“Эр айдоочу” коомдук уюмунун жекетчиси Качкын Булатов, эки күндүк бул форумдун негизги максаты тууралуу буларга токтолду:
- Апрель митингилеринен кийин коомдук уюмдар өзүнчө чогулуп форум өткөрөлү, анан ошонун негизинде иштешели деген чечимге келгенбиз. Себеби коомдук уюмдар Кыргызстанда өтө көп. Кеминде 35 миң чамалаш. Бирок алардын бардыгы чар жайыт иштешип, бир чечимге келбей жатышпайбы.
Бейөкмөт уюмдардын жалпы улуттук форуму эртең да уланмакчы. Форумдун жыйынтыгында бейөкмөт уюмдардын иштешүүсүнө багытталган бир катар документтер жана резолюциялар кабыл алынмакчы.